Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 25.12.2018 14:29

Кырсык көп катталган Бишкек—Ош жолунун кооптуу деп табылган тилкелери

Turmush -  Катталган жол транспорт кырсыктарын анализдеп чыккандан кийин Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл шаарына тиешелүү тилкеси кооптуу деп табылды.

Расмий булактардын маалыматына караганда, Бишкек—Ош жолунун 370-375-чакырымдары, тактап айтканда Карчыгай участкасы, унаа жолдун 385-390 чакырымдары, тактап айтканда Кара-Көл шаары жана унаа жолдун 490-420-чакырымындагы Күрп-Сай участкасы кооптуу деп табылган. Мындан тышкары, Кара-Көл шаарындагы Масиров көчөсү менен Бишкек—Ош жолунун кесилиши да жол кырсыктары көп катталган жер болуп аныкталган.

Жол кырсыктардын басымдуу бөлүгү саат 17:00дөн 22:00гө чейин жана 06:00дөн 10:00гө чейин катталган. Бул кырсыктардын алдын алууда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери тиешелүү профилактикалык түшүндүрүү иштерин жасап келишет.

Быйыл 65 жол транспорт кырсыгы катталган. Былтыр жол кырсыктан 12 адам каза болсо, быйыл 7 адам каза болуп, жалпы көрсөткүчү 41,6%га кыскарган. Жол кырсыктын кесепетинен 222 адам ар кандай жаракат алган. Анын ичинен 13 учурга жаш балдар катышып, бир бала каза болгон.

Ал эми кышында кар калың жааганда Бишкек—Ош унаа жолунун шаарга тиешелүү Көк-Бел ашуусу менен Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын ортосунда жолдун тайгактыгынан, тазаланбаганынан, кээде айдоочулардын шалаакылыгынан да жыл сайын жол тыгындар катталып келет.

№30 жол тейлөө ишканасы айдоочулар узак жолго чыкканда кышкы дөңгөлөктөрүн тагып, кооптуу ашууларда чынжырларын тагууну өтүнөт. Аба ырайы начар болгон күндөрү ар бир айдоочу 500 метр аралыкты сактоо менен жүрүү керектигин эскертишет.

Маалым болгондой, техникалар кышка даярдыктан өткөрүлүп, инерттик материалдары жетиштүү камдалган.

Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл жол тейлөө ишканасына тиешелүү жери Камбар-Ата ГЭСи жайгашкан жерден Күрп-Сай ГЭСине чейинки аралык. Кооптуу аталган аралык Кара-Көл шаарынан Күрп-Сай ГЭСине чейинки күн тийбеген, чукул бурулуштуу түз эмес ийри жолдор. Ошондой эле унаа жолдун 71-чакырымдагы Үч-Терек—Өзгөрүш жолу, 108-чакырымындагы Көк-Бел ашуусу кооптуу деп эсептелет.

Мындан улам жол кырсыктан жабыркаган жарандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилет. Ал эми Кара-Көл шаардык оруканасына заманбап реанимобиль тез жардам унаасынын жоктугу көйгөй жаратып келет.

Мисалы, Кара-Көл менен Таш-Көмүр шаарларынын кээ бир жерлеринде мобилдик байланыш жокко эсе. Өтө оор кырсыкка кабылып, жабыркагандарды ар кайсы унаа менен ооруканага жеткирүүгө туура келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×