Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.12.2018 13:18 Жаңыланды: 25.12.2018 17:21

Айыл турмушу: Базар-Коргондо мектептеги күнөсканадан 500 кг лимон жыйналды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы №4 А.Навои атындагы орто мектептин күнөсканасында лимон өстүрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, «Жашыл өлкө» аттуу күнөскана БУУнун көмөгү менен окуучулардын тамак-ашынын сапатын жогорулатуу максатында курулуп, 30 түп лимон көчөтүн эгүү менен өз ишин баштаган. Учурда кыштын суугуна карабай, күнөсканада лимон ийгиликтүү өстүрүлүп жатат. Көп эмгекти талап кылган бул күнөскана бүгүнкү күндө өзүнүн жемишин берүүдө. Күнөсканада өткөн жылы 50 кг лимон алынса, 2018-жылы 10 эсеге көбөйүп, 500 килограммдан жогору түшүм алынды.

Мектептин жетекчилиги маалымдагандай, мектептин 80 орундуу ашканасында күнүнө 400 окуучу, бир жумада 4 күн жашылчалары, салаттары менен ысык тамак, компот жана 1 күн булочка менен лимон кошулган чай ичишет. Мындай тамактануу окуучулардын ден соолугуна пайдалуу болуп, сапаттуу билим алуусуна шарт түзөт.

Аталган мектепте жалпы 57 мугалим эмгектенсе, 900гө чукул окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×