Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 24.12.2018 17:22

Кара-Көлдө «Ч.Айтматов жана эне тил» аттуу үч айлыктын, ыр кесенин жыйынтыгы чыкты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында «Ч.Айтматов жана эне тил» аттуу үч айлыктын жана Камбар-Ата, Жазы-Кечүү айылдары өткөргөн ыр кесенин жыйынтыгы чыгарылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аталган иш-чарага активдүү катышкан мекеме-ишканалардын жамааттары 21-декабрда «Энергетик» маданият үйүндө салтанаттуу сыйланды. Сыйлоо кечесине шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы К.Батыркулов катышып, мэриянын дипломдорун төмөнкү жамааттарга жана жеңүүчүлөргө ыйгарышты.

1. Мыкты көркөм окугандыгы үчүн №1 Токтогул атындагы мектеп- гимназиясынын окуучулар жааматы;

2. «Аалам кыдырган Айтматовдун каармандары» парадын аткарган №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин окуучулар жааматы;

3. Акындардын Ч.Айтматовду эскерүүлөрүн көркөм окуган №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулар жааматы;

4. «Ак кеме» обондуу ырын аткаргандыгы үчүн №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин окуучулар жааматы;

5. Иш-чарага активдүү катышкан Ч.Айтматов атындагы Балдар чыгармачыл үйүнүн «Келечек» бий ансамбли менен маданият үйүнүн «Жаш Кыял» бий ансамбли;

7. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча обондуу ырлар сынагына катышкан Балдар музыкалык мектеби жана Ч.Айтматов атындагы Балдар чыгармачылык үйүнүн комузчулар ансамбли.

8. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча облустук сүрөтчүлөр сынагынан байгелүү орун алган №4 Д.Шопоков атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Жаныңакова Мээрим;

9. Ч.Айтматов боюнча мыкты окуу бөлмөсү боюнча жарыяланган республикалык сынакта 1-орунду алган Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Рахат Тагаева;

10. «Айтматов боюнча мыкты сабактын иштемеси» боюнча республикалык сынактан 1-орунду ээлеген Д.Шопоков атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Байышбек Мүсүралиев сыйланды.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясы тарабынан уюшулган «Айтматов ааламы аймактарда» театр теледолбоорунда 2-орунду багындырган Ч.Айтматов атындагы Балдар чыгармачыл үйүнүн драмалык ийриминин жетекчиси Раиса Тезекбаева 13000 миң сомдук сертификат менен сыйланды.

Ошондой эле, ушул сынакта «Бетме-бет» чыгармасынан, «Балалык» үзүндү ойноодо мыкты образ жаратканы үчүн Балдар чыгармачыл үйүнүн драмалык ийриминин катышуучусу Жанызакова Сезим менен Усенбеков Бексултан сыйланышты.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жарыяланган «Шайыр апалар» сынагына катышкандыгы үчүн «Актилек» шайыр апалар тобу, «Келечек» мектепке чейин билим берүүчү мекемеси, №89 кесиптик лицейи, «Ыр кесе» шаардык кароо-сынагына катышкандыгы үчүн 1-даражадагы диплом менен Кетмен-Төбө айылдык башкармалыгы, аталган сынакта 2-орунду ээлеген Жазы-Кечүү айылдык башкармалыгы сыйланышты.

Сыйлоо аземинен кийин Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналып өткөрүлгөн иш-чараларда, кароо-сынактардан биринчи орунду ээлеген номурлардын жыйындысы менен Энергетиктер күнүнүн урматына чоң программадагы гала-концерт элге тартууланды. Улуу жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Иш-чаранын алкагында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө да уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×