Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 24.12.2018 16:08 Жаңыланды: 24.12.2018 18:31 На русском

«Тагдыр»: Белгилүү хирургдун сөзүнөн кийин депрессияга түшкөн 23 жаштагы Нурмиланын алгачкы ийгилиги (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Дөбө айылынын 23 жаштагы тургуну Курбанкул кызы Нурмила 5 жашынан бери генетикалык булчуңдардын шал оорусу менен жабыркап келет.

Нурмила аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ал мектепте 9-класска чейин окуган.

«Ата-энемдин айтымында, 5 жашка чейин чуркап эле жүргөн дени сак кыз болгом. 5 жашымдан кийин ден соолугумда олуттуу өзгөрүүлөр боло баштаптыр. Ата-энем мени айыктырам деп барбаган жерлери калбаптыр. Ошентип жүрүп арадан 17 жыл өтүптүр. Кийин дарыгерлер мага булчуңдардын шал оорусу деген диагноз коюшту. Мен болсо эс тарткандан бери ушул оору менен күрөшүп келем. Дарыгерлер бул тукум кууган оору экенин, азыркы медицина бул ооруну айыктырууга алсыз экенин жана мезгил-мезгили менен дарыланып туруу зарылдыгын гана айтышты. Оорунун таасиринен басуу оорлошуп, булчуңдар убакыт өткөн сайын алсырай берет экен, ошол себептүү акыркы 5-6 жылдан бери майып араба менен жүргөнгө туура келди.

Албетте, кыйынчылыктар болбой койбойт, билим алууда, коом менен аралашканда, эшикке чыкканда тоскоолдуктар болот. Бирок алардын барын алгач жараткандын жардамы, ата-энемдин, бир туугандарымдын колдоосу жана өзүмдүн сабырдуулугум менен жеңип келем. Ата-энемдин акыл-насааты, бир туугандарымдын, досторумдун колдоосу, мага кылган жакшы мамилеси, дем-күч бергени мени жашоого шыктандырат, алдыга жылууга түрткү берет», - дейт Нурмила.

Анын айтымында, алгач дарыгерлер ага ар кандай диагноздорду коюшкан.

«Мен басып кетем, айыгам деп ойлоп жүрчүмүн. Ортодо дарыгерлер ар кандай диагноз коюшкандыктан, айыгам деген ой менен дарыланып жүрдүм. Бир жолу көптөн бери күтүп, ушул дарыгер айыктырат деген ишеним менен белгилүү хирург Сабырбек Жумабековго бардык. Ал киши менин ден соолугумду текшерип, анализдердин жыйынтыгын көргөндөн кийин бул ооруу айыкпай туганын, дайыма дарыланып туруу керектигин ачык эле айтты. Ошондон кийин ата-энем, мен дагы катуу депрессия туш болдук. Үмүтүм үзүлүп, сынып калгам, бирок жашоо улана берет экен. Депрессиядан китеп окуп жүрүп чыктым, кайра чыйралдым. Кандай болсом ошондой жашоого аракет кылдым. Адам баласы баарына көнөт экен», - дейт Нурмила.

Ал учурда өзү жазган ырлары менен түрдүү сынактарга катышып келгенин айтат.

«Учурда үйдөмүн, кээде ыр жазам. Өзүм жазган ырларым менен сынактарга да катышам. Жакында эле «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун 10 жылдыгына карата 4 багыт боюнча сынак жарыяланган: долбоор жазуу, ыр жана эссе жазуу, сүрөт жана кол өнөрчүлүк. Мен бул сынакка катышып, ыр жана эссе жазуу боюнча 1-орунду ээлеп, Дубайга эс алууга жолдомо утуп алдым. Эми жазында эс алууга барып келем деген оюм бар», - дейт ал.

Нурмила келечекте китеп чыгарып, англис, түрк тилдерин үйрөнүп, чет өлкөлөргө саякаттоого чыгуу кыялы бар. Ал үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×