Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 24.12.2018 12:49

Кара-Көлдүн Камбар-Ата айылында таза суу көйгөйүн чечүүгө каражат бөлүндү

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Камбар-Ата айылында таза суу көйгөйү эки жылы толук чечилет.

Мэр И.Еркеевдин айтымында, бул айылда көп жылдан бери таза суу көйгөйү чечилбей келген.

«Айылга премьер-министирдин, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана суу чарба департаментинин башчыларынын жардамы менен Кытайдан келген гранттын эсебинен 600 миң доллар бөлүнүп, 2019-жылдын планына киргизилди. Таза суу боюнча жасалчу иш-аракеттер келерки жылдын март, апрель айларында башталмакчы», - дейт шаар мэри.

Буга чейин айылда таза суу түтүктөрдүн уурдалышы, тиешелүү иштер аягына чыкпаганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×