Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусуСузак району 23.12.2018 22:15 На русском

Видео, сүрөт: Жалал-Абадда жеңил унаа арканы сүзүп талкаланды

Turmush -  

Бүгүн, 23-декабрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинде жол кырсык болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу башкарууну жоготуп, шаардын кире беришиндеги арканы сүзүп токтогон. Ошол учурда арканын жанында үйлөнүп жаткан жубайлар менен алардын меймандары сүрөткө түшүп жүрүшкөн.

Аймактык кабарчы тактаган маалымат боюнча, "Шевроле Авио" үлгүсүндөгү унааны Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн 1995-жылы туулган тургуну Х.А. башкарып жүргөн. Саат 16:30 чамасында Жалал-Абад – Сузак жолунун 3-чакырымында унаанын башкаруусун жоготкон. Анын жанында жердеши – 1994-жылы туулган А. уулу М. болгон. Окуянын кесепетинен айдоочу менен жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Аталган факты боюнча Сузак РИИБ текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×