Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.12.2018 14:40 На русском

Кара-Көлдө энергетика тармагындагы 84 кызматкер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында энергетика тармагында эмгектенген 84 кызматкер сыйлыктарга ээ болушту. Бул иш-чарага аймактык кабарчы да күбө болгон. Сыйлоо аземи 21-декабрда «Энергетик» маданият үйүндө өтүп, ага шаар мэри Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын баатыры Курманбек Арыков, Токтогул ГЭСтер каскадынын башчысынын орун басары Улан Калбатыров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана энергетиктер катышты.

Салтанаттуу аземди ачып жатып шаар мэри И.Еркеев: «22-декабрь — Энергетиктердин кесиптик майрамы. Бул күн биздин шаар үчүн эң чоң майрам. Анткени энергетиканын чордону болгон Токтогул ГЭСи бизден орун алып, өлкөнү электр энергиясы менен камсыздап турган негизги күч болуп саналат. Сиздердин иш өтө жооптуу, опурталдуу жана тактыкты талап кылат. Ар бириңердин ишиңерге ийгилик, үй-бүлөңөргө бакубатчылык каалайм», - деди.

Андан кийинки сөздү төраганын орун басары К.Батыркулов улап: «Урматтуу энергетиктер, кесиптик майрамыңар менен шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиевдин жана жалпы депутаттардын атынан куттуктайбыз. Сиздердин ар бир кылган ишиңиздер, өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң салым болуп эсептелет. Энергетика биздин өлкө үчүн маанилүү тармак. Сиздердин ар бир кылган ишиңиздер, жасаган кадамыңыздар көрөгөчтүк, билим деңгээлиңиздерге таянып жасалат. Бул кесип өтө опурталдуу деп айтса да болот, ал кесипти талыкпай үзүрлүү аркалап келе жатасыздар. Майрамыңыздар менен!», - деп куттуктады.

Кийинки сөз кезеги Курманбек Арыковго берилди.

Ал: «Бул күн Кыргызстанда чоң майрам катары эсептелсе, биздин Кара-Көл шаары үчүн андан да чоң майрам. Кыргызстандагы ар бир үйдө күйүп жаткан жарык, берилип жаткан жылуулук сиздердин зор эмгектин арты менен ишке ашууда. Ильяз Марсович мени Кыргыз Республикасынын баатыры деп мактап айтып кетти. Айтайын дегеним, биздин кара-көлдүктөрдүн баарын баатыр деп айтса болот. Себеби мен медалды тагынып жүргөнүм гана болбосо мен тагынган медалга баарыңар салымыңарды кошконсуңар», - деген оюн билдирип, куттуктоо сөзүн жыйынтыктады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика тармагына кошкон салымы үчүн шаардык мэриянын ардак грамотасы жана алкыш баракчасы менен Токтогул ГЭС каскадынын, «Нарын гидроэнергокурулуш» ачык акционердик коомунун, «Гидропроэкет» долбоор изилдөө институтунун, Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасынын, «Электр станциялар ачык акционердик коомунун» филиалы, Камбар-Ата ГЭСинен жалпысынан 59 кызматкер сыйланды. Ал эми шаардык кеңештин ардак грамотасы 25 энергетикке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×