Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.12.2018 15:09

Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты. Айылдаштары борбордук стадиондон тарта Ош—Бишкек жолуна чейин барышкан.

Катышуучулар мурунку депутаттын 60 жылдык мааракесин өткөрүп жатып, «Өмүрбек Текебаевге боштондук» деген ураанды айтып жатышты.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты — Өмүрбек Текебаевдин буга чейинки жасаган иштерин даңазалоо.

----------------------------------------------------------------------------

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу. Облустук сот, кийин Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×