Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.12.2018 15:26 На русском

Чычкан капчыгайында үч унаа кагышып, бир адам каза болду. Жабыркагандар бар

Turmush -  Бишкек—Ош жолунун 231-чакырымындагы Токтогул районунун Чычкан капчыгайында үч унаа катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр маалымдады. Жол кырсык катталганын Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, 19-декабрда Бишкек—Ош жолунун Чычкан капчыгайында Бишкектен Ош багытын көздөй бара жаткан Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Т.Р. өзүнө таандык «Lexus IS200 » үлгүсүндөгү унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, Таш-Көмүр шаарынын тургуну Т.Алмазга таандык «Хонда-Одиссей» унаасынын сол капталын сүзүп токтогон. «Хонда-Одиссейде» жалпы 7 адам болгон. Айдоочу жол тандабастан качам деп «Lexus IS200» унаасынын артынан келе жаткан «Хонда-Аккорд» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан улам 1 адам каза болуп, «Хонда-Одиссей» унаасындагы жүргүнчүлөр жабыр тартышкан.

Алар:

- 1998-жылы туулган Ы.К., Таш-Көмүр шаарынын тургуну, Токтогул райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган;

- 1963-жылы туулган Т.М., Таш-Көмүр шаарынын тургуну, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн;

- 1963-жылы туулган Э.Т., Аксы районунун Ак-Суу айылынын тургуну, окуя болгон жерде каза болгон.

Бул боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×