Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.12.2018 11:14

Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунда түшкөн кар көчкү тазаланды

Turmush -  Кечээ, 19-декабрда саат 12:00 чамасында жааган кардын кесепетинен Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 65-99-чакырым аралыгында көлөмү 2000 метр куб кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен унаа жол жабылган. Мындан сырткары Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолунун 3-9-чакырым аралыгында эртең менен 6000 метр куб кар көчкү, бир аздан кийин саат 14:40 чамасында 5000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Унаа жолду тазалоого №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 3 бульдозер, 1 грейдер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамын менен саат 16:30да Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолу бир тараптуу, саат 19:30да Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолу толугу менен тазаланды.

Аталган унаа жолдор Чаткал районунун акимиинин буйругунун негизинде аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×