Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.12.2018 18:07 На русском

Аксыда пенсия, жөлөк пул алгандарга эски гезит милдеттүү түрдө сатылууда, - тургундар

Turmush -  Аксы районунда пенсия жана жаш балдарга жөлөк пул алгандарга 4 ай мурда чыккан жергиликтүү гезит милдеттүү түрдө сатылып жатат. Бул тууралуу Итагар айылынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, эски гезит 20 сомдон милдеттүү түрдө таратылып берилүүдө.

«Дайыма эле 4-5 ай мурда чыккан гезиттер таратылат. Ал үчүн 20 сом кармап калышат. Эмне үчүн эски гезит берилип жатканын түшүнбөйбүз», - дешет тургундар.

Ал эми Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов пенсионерлерге эски гезиттин таратылышы мыйзамсыз экенин белгилеп, аны териштирерин билдирди.

«Негизи пенсия жана жөлөк пулга гезит кошулуп бергени мыйзамсыз. 15-20 жыл мурда аргасыздан милдеттүү таратылып берилген учурлар болгон. Ал заман өттү. Бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, чара көрөбүз. Мындай нерсе кайталанбашы керек», - дейт М.Мырзамамытов.

Аксы районунун тургундары 2016-жылы гезиттер мыйзамсыз сатылып жатканын айтып чыккан соң аны милдеттүү түрдө кошуп берүү токтогон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×