Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.12.2018 11:35 На русском

Чаткалда унаа жолго кар көчкү түштү

Turmush -  Чаткал районунда кар көчкү түштү. ӨКМ билдиргендей, бүгүн, 18-декабрда саат 06:40 чамасында Красная ГоркаАк-Таш унаа жолунун 90-100-чакырымында түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 1000 метр кубга жеткен.

Көчкүдөн кийин унаа жолдогу кыймыл бир тараптуу жабылды. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Тазалоо иштерин №27 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери керектүү техникалардын жардамында жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×