Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 17.12.2018 15:15

ИИМдин башчысы Терек-Сайда кармалган тургундардын туугандары менен жолукту (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-декабрда Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев өлкөнүн түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районунун Терек-Сай айылында кармалган тургундардын туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу ОИИБдин имаратында өтүп, ага облустук милициянын башчысы Кылычбек Жолдошов, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы жана кармалган жашоочулардын туугандары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл өкмөттүн башчысы менен кармалгандардын туугандары кармалган тургундарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү суранышып, алар жаштыгы жана мыйзамды билбегендин айынан мыйзамды бузганын белгилешти. Андан сырткары, кармалгандардын арасында мурда инвесторлорду колдоп, ишкерлик менен алектенип, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзгөндөр дагы бар экенин билдиришти.

Ал эми Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев, окуя болгондон кийин милиция менен биргеликте жергиликтүү тургундар арасында бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана ага дагы кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн сурап кайрылышканын айтты.

Жолугушууда министр К.Жунушалиев кармалгандардын туугандарынын кайрылууларын угуп, бардыгы мыйзамга ылайык чечилерин жана баш коргоо чарасы сот тарабынан өзгөртүлөрүн билдирди. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылуулары мыйзамдын негизинде карала турганын айтты.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 5-ноябрда ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Терек-Сай айылында «Эти Бакыр Терек-Сай» алтын кен иштетүүчү аймагында кызматын өтөө учурунда айылдын 15 тургуну күч колдонушкан. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай жаракаттарды алышкан.

6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иш козгогон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 адамдын өздүгү такталган. 2-декабрда аталган адамдар Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына алынып келген.

2018-жылдын 4-декабрында сот тарабынан 6 жаран 2 айга, 9 жаран 1 айга камакка алуу чечими чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×