Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусуНоокен району 13.12.2018 17:55

Ноокенде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип, катышуучулар сыйланды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда 12-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын аппараты, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдүн, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарлары жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун тургундары катышты.

Маалым болгондой, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жыл башынан бери Ноокен районунун аймагындагы маданият үйлөрүндө, айылдык китепканаларда, билим берүү мекемелеринде - кесиптик лицейлерде, колледждерде, мектептерде, медициналык мекемелерде иш-чаралар өткөрүлүп келген.

Бул күнү райондун аймагындагы маданият кызматкерлери тарабынан «Делбирим», «Кыямат» чыгармалары боюнча театралдаштырылган көрүнүш тартууланды.

Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан көргөзмөлөр уюштурулду. Чыңгыз Айтматовдун ысымын 2008-жылы алган райондук китепкана тарабынан жазуучунун китептеринин көргөзмөсү уюштурулуп, окурмандар тарабынан көркөм окуу тартууланды. Райондун аймагындагы жаш сүрөтчүлөр тарабынан жазуучунун чыгармаларынын каармандары жана көрүнүштөрү тартылган сүрөт көргөзмөсү өттү. Ошону менен бирге эле жазуучунун чыгармаларынан монологдор окулуп, көрүнүшү менен көрүүчүлөргө тартууланды.

2013-жылы жазуучунун ысымы ыйгарылган Кочкор-Ата шаарындагы №28 мектептин окуучулары тарабынан бий тартууланды. Иш-чарада райондун акими Э.Маматаев катышуучуларды куттуктады. Андан соң №28 Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебинин мугалими В.Рыскулова жазуучу менен убагында учурашканын жана ал кандай адам болгонун айтып берди.

Иш-чараларга активдүү катышкандарга, жарыяланган сынактардын жеңүүчүлөрүнө аким 1,2,3-даражадагы дипломдорду, ыраазычылык каттарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
49.04% (821)
«РСК Банк»
31.3% (524)
«Капитал Банк»
5.56% (93)
...
Всего голосов: 1674
×