Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.12.2018 14:57 На русском

Аук айылында эскирген электр мамылар кулап калуу коркунучунда турат, - тургундар (видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Аук айылында бир нече электр мамыларынын эскилиги жетип, кулап калуу коркунучунда турат, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Алардын айтымында, буга чейин алар тиешелүү тараптарга кайрылган, бирок жыйынтык болгон эмес.

«Мен ушул үйдө 2007-жылдан бери жашап келе жатам, ошол учурда корообуздан жогорку вольттуу күчкө ээ аба чубалгылары өткөн. Ошол убакта эле ушул мамынын эскилиги жетип калгандыктан, РЭСтин жетекчилигине арыз менен кайрылганбыз. Ошол тапта жумушчулар келип, эки жыгач мамы бириккен жерине казык кагып коюп кетишкен. Ошондон бери эч кандай жылыш болгон жок.

Ал эми быйыл эски жыгач мамылардын эскилиги жетип, чирип такыр жараксыз болуп калды. Катуу шамал болгондо качан басып калат деп кооптонобуз. Жаан-чачын болгон күндөрү балдарды коруп турабыз. Шамал болгондо мамы кыймылдап, кадимдикей үн чыгат», - дейт жергиликтүү жашоочу Акылбек Маматов.

Ушул эле айылдын дагы бир тургуну Шарипа Алмирзаева көчөгө коюлуучу мамынын жоктугунан үйдөгү жыгачтарды пайдаланып жатканын айтат.

«Мен бул жерде көп жылдардан бери жашайм, мындан 10-15 жыл мурда үйүбүздү курганыбызда электр чубалгыларын тартып, үйдөгү 3-4 метрлик теректин шагын бутап эле коюп койгонбуз. Ошол убактан ушул күнгө чейин тиешелүү тараптардан жыйынтык жок болууда. Электр зымдары тартылган кичинекей теректер азыр чирип калган. Эртең кар жааганда, ал кулап кетсе ким жооп берет? Мен ар дайым неберелеримди ушул зымдан коруп турам. Айыл өкмөт жана башка тиешелүү тараптан мына ушул жагына да көңүл бөлсө жакшы болмок. Качан элден салык сураганда эле шаштырбай, элдин көйгөйүн чечип берсе жакшы болсок», - дейт Ш.Алмирзаева.

Ал эми Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери Авазбек Арзыбаевдин айтымында, мамыларды алмаштыруу үчүн жергиликтүү бийлик каражат бөлүп бериши керек.

«Аук айылындагы мамылар 1968-жылы орнотулган. Ал эми жергиликтүүлөр айтып жаткан мамылар жаңы конушта болгондуктан, аны жашоочулар өздөрү тартып алышкан. Эгерде жергиликтүү бийлик мамыларды сатып алып, бизге арыз менен кайрылышса, биз орнотуп беребиз. Ал эми бизде жыл сайын 4 чакырым жердин мамыларын кайра калыбына келтирүү планга киргизилген. Албетте, бул райондун деңгээлинде аз, ошентсе дагы жыл ичинде кооптуу делген жерге орнотулган мамыларды кайра калыбына келтирип жатабыз», - деди инженер А.Арзыбаев.

Аук айылы Кеңеш айыл өкмөтүнө карайт, ал эми айылдагы жашоочулардын саны 8 миңге жакын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×