Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.12.2018 09:51 На русском

Видео, сүрөт: Таң эрте Бишкек—Ош жолунда айдоочу уктап кетип, 3 адам мерт болду

Turmush -  Бүгүн, 13-декабрда Бишкек—Ош унаа жолунун 307-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районуна караштуу Камбар-Ата ГЭСине жетпей «Мицубиси Делика» үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу «Мерседес-814» унаасынын алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен үч адам көз жумду. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБсы ырастады.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, жеңил унаанын ичиндеги 6 адам (5 жүргүнчү жана айдоочу) Чаткал районунун тургундары болушкан. Кырсык таңкы саат 05:50 чамасында болуп, ал тууралуу кабар милиция кызматкерлерине саат 06:20да түшкөн.

«Ошол замат биздин кызматкерлер окуя болгон жерге жетип барышып, кырсыкка кабылгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. 7 орунду унаада бара жаткандардын үчөө каза болгон. Мындан тышкары жаракат алган үч адам Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилди. Кызматкерлер ошол жерде иштеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда жеңил унаанын айдоочусу уктап кетип, Бишкек багытынан Ош тарапты көздөй бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен.

Каза болгондор, жаракат алгандардын баары жеңил унаада бара жатышкан. Ал эми оор жүк ташуучу унаа да оодарылып, жүктөрү чачылып кеткен. Анын айдоочусу жалгыз бара жаткан, ал бактыга жараша жабыркаган эмес», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Кийинчерээк маалым болгондой, Кара-Жыгач айылынын аймагында катталган жол кырсыктан жабыркагандар Токтогул райондук аймактык ооруканага эмес, Үч-Терек айылдык ооруканасына жеткирилген. Оорукананын маалыматына караганда, жабырлануучулар хирургия бөлүмүнө түшүшкөн.

Алар:

- 1966-жылы туулган Аскар Эшдөөлөтов, баш сөөгүнөн жаракат алып, орточо даражада баш мээси чайкалган, 2-3-даражадагы травматикалык шок алган;

- 1998-жылы туулган Нарбай уулу Бакытбек, орточо абалда баш мээси чайкалган, сол жото же кашка жилиги жабык түрүндө сынган, 2-3-даражадагы травматикалык шок алган;

- 2002-жылы туулган Романбек уулу Сыргак, сол бетинин жумшак териси жабыркаган. Ал амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×