Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 12.12.2018 12:55 Жаңыланды: 12.12.2018 14:45 На русском

Ала-Букада «Тойота» унаасы оодарылып, 4 айылдаш жабыркады. Экөө окуучу (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда жол кырсыктан улам 4 жаран оор абалда ооруканага түштү.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, «Тойота Ипсум» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жол кырсыкка учураган. Унаанын ичинде 5 адам болгон, алардын төртөө ооруканага жеткирилген.

Жабыркаган жарандардын баары Сафед-Булан айылынын тургундары болгон. Алар:

- Н.С., 2000-жылы туулган, оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн;

- М.А., 2002-жлы туулган, оор абалда хирургия бөлүмүн жаткырылган;

- К.С., 1999-жылы туулган, оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн;

- Х.Ж., 2002-жылы туулган, оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан 18 жаштагы жигит комага түшкөн. Калгандары баш мээсинен жаракат алышкан. Жол кырсык боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кийинчерээк жол кырсык болгонун Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн дагы тастыкташты.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылынын 1999-жылы туулган тургуну К.Сардор атасына таандык «Тойота-Ипсум» үлгүсүндөнү унааны башкарып бара жаткан. Рулду башкара албай, жолдун оң тарабына чыгып оодарылып кеткен.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен айдоочу, жүргүнчү катары бара жаткан Октябрь орто мектебинин 9-классынын эки окуучусу жана эч жерде окубаган 18 жаштагы Н.С. жабыркаган. Баары Ала-Бука аймактык ооруканасына түшкөн. Учурда тийиштүү иштер жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×