Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 12.12.2018 12:12 На русском

Окуучу кыз менен жыныстык катнашка барган жигит камалды. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Майлуу-суулук жигитке 16 жашка чыга эле өспүрүмгө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо жана жыныстык катнашка баруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.

Тергөө иштериндеги маалыматтарга ылайык, Бакыт [Б.О., аты өзгөртүлдү] ушул жылдын июнь айынын башында Майлуу-Суу шаарындагы маданият үйүнүн жанында 2003-жылы туулган 9-класстын окуучусу Бермет (Б.О., аты өзгөртүлдү) менен таанышкан. Алар Бакыттын чакыруусу менен сүйлөшүүнү батирден улантууну чечишкен. Бермет 16 жашка чыга элек экенин билип туруп, Бакыт аны менен жыныстык катнашка барган.

Ошондой эле окуядан кийин жигиттин жана кыздын туугандары жолугуп, өз ара сүйлөшүп, Бакыт Берметке үйлөнмөй болгон. Алар нике кыйдырып, июнь айынан октябрь айына чейин Ош шаарындагы Бакыттын туугандарынын үйүндө жашап келишкен.

Кыздын апасы менен чоң энеси алардын үйүнө барып турушкан. Алар Бакыт Берметти окутарын жана ал 16 жашка чыккандан кийин Россияга кетүү боюнча макулдашкан. Берметтин апасы ишеним кат да жазып берген. Бирок бир нече убакыттан кийин апасы кызы жоголгондугун айтып, милицияга кайрылган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бакыт кармалган.

Шаардык сот тарабынан 15-ноябрда Бакытка карата баш коргоо чарасы кабыл алынып, ал бир айга камакка алынган. Жактоочу тарап Жалал-Абад облустук сотко кассациялык арыз менен кайрылып, жактоочу Бакыттын туруктуу жашаган жайы бар экенин айтып, аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Бирок тергөөчү жана мамлекеттик айыптоочу тарап жигит Кыргызстандын аймагынан чыгып, Россиянын аймагына кирип кетиши мүмкүн деп эсептеген. Кыз тарап дагы эгер жигит эркиндикке чыгарылса аларга кысым көрсөтүп, кылмыш иштен качып кетиши мүмкүн деген пикирде болушкан.

Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, аны камакка алды. Кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо) менен козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×