Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 12.12.2018 10:29 Жаңыланды: 12.12.2018 12:35 На русском

Сүрөт: Токтогулда маданият үйү, 11,7 миң китеп толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 14 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-декабрда билдирди.

Жалал-Абаддагы Токтогул районунун Торкен айылында аянты 450 чарчы метр маданият үйү толугу менен күйүп кетти. 12-декабрга караган түнү саат 01:44 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин байланыш түйүнүнө Торкент айылдык маданият үйүндөгү өрт кырсыгы тууралуу маалымдалып, 3 бөлүм жөнөтүлгөн.

Маданият үйү 1948-жылы курулуп, дубалы кыштан, чатыры жыгач конструкциялардан тургузулган. Анын 1 бөлмөсү китепкана катары колдонулуп, 11 миң 700 даана китеп бар болчу. Имараттын ичиндеги мүлктөр толугу менен күйүп кетти.

Ошондой эле электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам Чүйдүн Сокулук районундагы Ак-Жол айылында «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×