Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Жалал-Абад облусуНоокен району 11.12.2018 17:41

Ноокенде «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясы жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда 10-сентябрдан 10-декабрга чейин жарыяланган «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын алкагында тиешелүү иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мектептерде окуучулар арасында тегерек столдор өткөрүлүп, адам укугун коргоо темаларына арналган дубал гезиттер илинип, дилбаяндар жазылды.

Мындан тышкары, «Адам укугу деген эмне?» темасында сүрөт сынагы уюштурулду. «Адам укуктарын билүү бул биздин милдетибиз!» деген темада ата-энелердин катышуусунда спорттук мелдештер, жолугушуулар да өткөн.

Ошону менен бирге райондун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелер менен окуучулар арасында диспуттар өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө Ноокен районунда адам сатуу фактылары катталган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×