Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.12.2018 21:22

Базар-Коргондо Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жыйынтыктоочу иш-чара өттү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага мектеп окуучулары, бала бакчалардын тарбиялануучулары, райондук администрациянын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулуп, окуучулар арасында сүрөт сынактары өткөрүлдү. Мыкты катышуучуларга райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн дипломдору жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Базар-Коргон райондук мугалимдер профсоюзунун төрагасы С.Жаркымбаев тарабынан мыкты деп табылган катышуучуларга Ысык-Көлгө туристтик жолдомолор тапшырылары белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×