Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.12.2018 12:51

Базар-Коргондун Аук айылындагы эски маданият үйү спорт залга айланат (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Аук айылында союз мезгилинде курулган маданият үйүн спорт залга айландыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Жаңыбай Маматов кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери айыл өкмөттүн колдоосу жана айылдагы ыктыярдуу жаштар фондунун эсебинен жүрүп жатат.

«Айылдагы маданият үйү союз мезгилинде курулуп, колдонууга берилген. Акыркы жылдары анын эскилиги жетип, чатырынан суу тамып, полу чирип, авариялык абалга кептелген болчу. Айыл өкмөттүн колдоосу менен айылыбыздын жаштарынын фондунун салымы менен оңдоо иштери жүрүп жатат. Аталган фондду чет жерде иштеп жүргөн Аук айылынын жаштары түптөгөн, азыркы тапта ал фондо 300 миң сом бар. Курулуш иши негизинен ушул фонддун эсебинен жүрүп жатат. Азыркы тапта оңдоо иштеринин 80 пайызы бүтүп калды. Аны жаңы жылга чейин бүтүрүп, колдонууга берүүнү пландап жатабыз», -дейт айыл башчысы.

Аук айылы 1912-жылдары түптөлгөн. Бүгүнкү күндө айылда 800гө жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×