Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.12.2018 22:59 На русском

Аксыда бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсү истүү газга ууланды, кичүүсү 1 жашта

Turmush -  Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө бир үй-бүлө мүчөлөрү көмүрдүн газына ууланып, ооруканага жеткирилди.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы булактарга шилтеме берүү менен билдиргендей, 8-декабрга караган түнү 1:50 чамасында Үч-Коргон аймактык ооруканасына бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсү, тактап айтканда 1987-жылы туулган үй-бүлө башчысы, жубайы, 6, 3 жана 1 жаштагы жаш балдары менен бирге жеткирилген.

Үй ээсинин айтымында, мешке көмүр жакканда түтөгөн, бирок буга маани берген эмес. Түндө 6 жаштагы уулу "Мен сени менен кетпейм" деп, бакырып ыйлаганын угуп, чочуп ойгонсо, үйдүн баарын түтүн каптаганын көргөн. Балдары түтүнгө ууланып, кусуп баштаганда ооруканага барышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×