Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 08.12.2018 12:56

Жолдошун өлтүрүүгө тиешеси жок аялдын камалышы боюнча Сузактын прокурору жана орун басары эскертүү алды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мейманканада жолдошун өлтүрүүгө шектүү делип кармалып, эми сотко жабырлануучу катары катышып жаткан Азизахан Халматованын окуясы боюнча Сузак районунун прокуроруна жана орун басарына эң оор тартиптик жазага кирген эскертүү берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 5-июль күнү Өзгөн районунун тургуну У.Н., өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү делип Ош облусунун тургуну А.Халматова кармалып, райондук сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.

«Анын Россиянын Магнитогорск шаарында жүргөнү аныкталбастан туруп, ага эл аралык издөө жарыяланган. Бирок бул иш облус прокурорунун көзөмөлүндө болуп, көрсөтмөлөр берилген. Жыйынтыгында А.Халматова кылмышка тиешеси жок экендиги аныкталып, ага карата иш кыскартылып, калуу чарасы алынып салынган.

Бул иш боюнча облустук прокуратура тарабынан ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Сузак районунун прокуроруна жана анын орун басарына ээлеген кызмат ордуна толук ылайыктуу эместиги жөнүндө облус прокурорунун буйругу менен эскертүү жарыяланган. Бул эң оор тартиптик жазалардын катарына кирет», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Сузак районундагы мейманканада жолдошун өлтүрүп, качып кетти деген шек менен чек арадан кармалып, Казакстандагы СИЗОдо 69 күн отуруп чыккан Азизахан Халматова аны негизсиз камакка алган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазага тартууну талап кылгандыгы маалымдалган.

Ал «Сузак РИИБдин башчысынын, райондук прокурор жана анын орун басары негизсиз айып такты» деген арыз менен райондук сотко кайрылган. Ал тийиштүү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен моралдык зыян үчүн 1 миллион 240 миң сом өндүрүп берүү үчүн сотко кайрылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×