Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуНоокен району 07.12.2018 17:52

Ноокендин 51 жаштагы тургунун өз үйүндө өлтүрүүгө шектүү кармалды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда 51 жаштагы тургунду өз үйүндө өлтүрүп кетүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Масы айылында 1967-жылы туулган Р.И. аттуу тургундун өз үйүндө өлтүрүлүшү боюнча Ноокен РИИБдин криминалдык кызматы тиешелүү иштерди жүргүзүп, кылмышка шектүү жаран табылды.

«Окуя болгон күнү шектүү менен маркум ичимдик ичип отуруп, сөз талашуудан улам чыр чыгып, ал өлүм менен аяктаган. Экөө тең үй-бүлөсү менен ажырашкан экен. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×