Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 07.12.2018 13:27 Жаңыланды: 07.12.2018 13:45 На русском

Көк бөрүдөгү мушташ: Камактагы шектүү айылга депутат болуп шайланарда соттуулугу болгон эмес, - БШК

Turmush -  Тогуз-Торо районунда көк бөрү учурунда мушташ чыгып, 23 жаштагы жигит оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бул окуядан кийин шектүү катары жергиликтүү тургун (32 жашта) кармалып, ал айылдык кеңештин 2 жолку депутаты болгону жана 2013-жылдан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы маалым болгон эле.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шектүү Эрмек (ысымы өзгөртүлдү) Тогуз-Тородогу Каргалык айылдык кеңешинин депутаты болуп 2016-жылдын 11-декабрында шайланган. Ошол учурда Ички иштер министрлигинин маалыматтык-аналитикалык борбору тарабынан берилген маалымат боюнча соттуулугу болгон эмес. Буга байланыштуу ал айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоого алынып, шайлоодо жетиштүү добуш топтогон.

Окуя туралуу:

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматы боюнча, окуя 30-ноябрда саат 14:30 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун М.Р. менен Э. аттуу жигит сөз талашып, ошол жерден биринчи жигит токмоктолгон. Ал оор жаракат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Ден соолукка залал келтирүү фактысы боюнча Тогуз-Торо РИИБ кылмыш ишин козгоп, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында шектүү – Тогуз-Тородогу айылдык кеңештин 2 жолку депутаты, 2013-жылдан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Т.Э. (1986-жылы туулган) экени аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×