Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.12.2018 12:50 На русском

«Көңүлдөшү 15 жылга кесилди»: Мейманканада жолдошун өлтүрдү деп Казакстанда камакка алынган аял бийликке кайрылды (видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мейманканада жолдошун өлтүрүп, качып кетти деген шек менен чек арадан кармалып, Казакстандагы СИЗОдо 69 күн отуруп чыккан Азизахан Халматова аны негизсиз камакка алган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазага тартууну талап кылууда. Бул тууралуу ал АКИпресс – Жалал-Абад маалымат борборундагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда ал сотко жабырлануучу катары катышууда. Анын адам өлтүрүүгө эч кандай тиешеси жоктугуна карабастан СИЗОго камаган Сузак РИИБдин жана райондук прокуратуранын кызматкерлери, мыйзам чегинде жоопко тартылуусун суранып, өлкө башчыга, ИИМ жетекчисине, башкы прокурорго кайрылды.

Ал эми милиция кызматынан кылмыштын бетин ачууда катачылык кетирген кызматкерлер тартиптик жазага кириптер болгонун, маркумду шектүү катары кармалган аял эмес, «көңүлдөшү» өлтүргөнүн ырасташты.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 5-июль күнү Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагында Ош—Бишкек жолунун боюндагы мейманкалардын биринен Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылынын 1969-жылы туулган тургуну У.Ниязалынын жансыз денеси табылган. Маркумдун жүрөгүнүн тушуна 2, оң жак бөйрөгүнүн тушуна 6, сол бөйрөгүнө 1 жолу курч буюм сайылып, алган жаракатынан ошол жерде жан берген. Ал киши менен кошо бир бөлмөгө кирген аял ага бычак сайгандан кийин көзүнө чейин чүмбөттөп, мейманкананын кызматкерлерине жолдошуна дарыга чыгып бара жатканын айтып, ачкычты таштабай чыгып кеткен. Бул окуя боюнча Сузак РИИБдин тийиштүү кызматкерлери Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну Азизахан Халматованы кылмышка шектүү катары карап, райондук сот 6-июль күнү сырттан камакка алуу токтомун чыгарган.

Жабырлануучу Азизахандын айтымында, ал маркум менен 3 жыл мурда никеге турушуп, бирге жашап келишкен. Экөөнүн ортосунда кызы бар. Үй-бүлөдө талашып-тартышып, урушкан учурлар болгон эмес. Жолдошу камкор, балдарга күйүмдүү ата болчу.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда жолдошу Ниязжандын макулдугу менен ага жаш кызын таштап, жаз мезгилине чейин иштеп келүү үчүн Россия Федерациясына жөнөп кеткен. Тактап айтканда, Ош шаарынан «Опель Зафира» үлгүсүндөгү унаада 6 жүргүнчү менен кошо сапар тарткан.

«3-июль күнү кечки саат 19:00 чамасында Достук чек ара постунан, андан кийин Андижан постунан өттүк. 4-июлда Казакстандагы чек ара постунан өтүп, 5-июль күнү Троицкий постунан Россиянын Челябинск облусуна киргем. Жолдошум өлгөн күнү мен жолдо жүргөн элем. Аталган облустун Магнитагорск шаарына барганымда 6-июль күнү мага туугандарым байланышты. Алар «Кайрадан тез кел, жолдошуңду бирөөлөр өлтүрүп кетишиптир. Сенден көрүп жатышат» дешти. Мен кайрадан Кыргызстанга жөнөдүм. Казакстандын Кустанай облусунун Федеров чек ара постунан өткөнүмдө ал жактын милициялары «Кыргызстанда сизге издөө жарыяланган экен» дешип, кармашты. «Мен адам өлтүргөн эмесмин, туугандарыма байланышып алайын» десем макул болушкан жок.

Бир күн сурак кылышты. 3 күн караңгы бөлмөдө отурдум, шок абалда болгондуктан 4 жолу өзүмдү жоготуп, дарыгерлерди чакырышты. 3 күндөн кийин Федоров сотунан мени 40 күнгө камакка калтырышып, СИЗОго которушту. Кийин дагы узартышып, 69 күнгө созулду. Бул аралыкта ден соолугум начарлады», - деди А.Халматова.

Анын туугандары Россияга аны алып кеткен айдоочуга да келип-кеткенине билет алышып, тергөөчүгө, прокурорго жолуктурушкан. Аны менен кошо кеткен жүргүнчүлөр келип өз пикирлерин айтышкан. Алардын пикирлери деле эске алынган эмес. Казакстандын чек ара кызматынан 4-5-июль күндөрү чек арадан өткөндүгү тууралуу расмий берилген катка да көңүл бурбай коюшкан.

«РИИБ башчысына, район прокуроруна чек арачылардын катын көрсөтсө да кош көңүл мамиле жасашкан. Ошондой документтерге ишенбестен жаңылыштык пикирлерге таянгандыгы үчүн алар жоопкерчиликке тартылышы керек. Жактоочулар 19 жолу өтүнүч каттарды жөнөтүшсө, анын төртөөсүнө гана жооп беришкен. Анда да өтүнүч каттарга «Бизде далилдүү фактылар бар» дешип баш тартып коюшкан. Кана ошол далилдүү фактылары? Жактоочуларым аракет кылбаганда мени күйөөсүн өлтүргөн адам катары жок жерден каматып эле салышмак. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери «камалып чыккан аял» деген так калтырышты. Бири барып кечирим сураганга жараган жок», - деди ал.

Ырастоосунда, ал өлкөгө кайткандан бери жолдошунун өлүмүн караган сот отурумуна жабырлануучу катары катышууда. Маркумду өлтүрүүгө шектелип кармалган аял ар түрдүү көрсөтмө берүүдө.

«Жолдошумду өлтүргөн аял атайын даярданып барган, өзү байланышкан. Ал буга чейинки сотто окуянын чоо-жайын айтып берди. Көрсө ал базардан атайын бычак сатып алган. Кайненесинин хиджабын көтөрө барган. Экөө мейманканага киргенден кийин "Кока-кола" суусундугун ичишкен. Анан жолдошумду «жуунуп чыгыңыз» деп, душтан чыккандан кийин «Сизге сюрприз даярдап койдум» деп көзүн байлаган. Андан кийин ичине, жүрөгүнө бычак сайып таштаган. Өзү акырын хиджаб кийип чыгып кеткен. Мейманкана кызматкерлерине «жолдошум ооруп жатат» деп айткан. Кызматкерлер деле сотко келип, пикирлерин айтып кетишти», - деди А.Халматова.

76 жаштагы энеси да окуянын чоо-жайын айтып берген. Бир тууган эжеси видеокамерага түшкөн аялды көрүп, анын бир тууганы эмес экенин айтып, камерадагы аялды таап бергиле деп өтүнгөн.

Эми Азизахан Халматова Сузак РИИБдин башчысын, тергөө боюнча орун басарын, ишин караган тергөөчүнү, Сузак районунун прокурорун 69 күн мыйзамсыз камакта отургандыгы үчүн алардын үстүнөн сотко кайрылды. Тактап айтканда Сузак райондук сотко моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом, материалдык чыгым үчүн 250 миң сом өндүрүү үчүн доо арыз берди.

А.Халматованын жакындары бул ишке тийиштүү кызматкерлер КРнын КЖКнын «Күнөөсүз адамды камакка алуу», «Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу» беренелери боюнча жооп бериши керектигин айтышууда.

Жактоочулары ОИИБге, прокуратурага тергөөчү тажрыйбасыздык кылып жаткандыгын, ишти 10 жылдык иш стажы кем эмес тергөөчүгө дайындоо боюнча да кайрылышкан. Эч кандай реакция болгон эмес. Ишти тергеген кызматкердин тергөөчү болуп иштегенине 1 жыл толо элек. Бул мына ушул жагдай да таасирин берди. Облус прокурорунун көңүл буруусу менен гана кайрадан башка жактоочулар айткан вариант боюнча иш алып барылган.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы «Достук» мейманканасында киши колдуу болгон эркек кишинин жансыз денеси табылышы боюнча оперативдүү иликтөө иштери жүргөнүн билдирди.

«Мейманкананын видеокамерасындагы аялдын келбетине, бир топ күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө жана чек ара кызматынын алгачкы маалыматтарына таянып, анын аялына кылмышка шектүү катары издөө иши жарыяланып, аны кармоо үчүн бөгөт коюу чарасын тандоодо көзөмөл органына өтүнүч келтирилген.

Ал эми бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, Сузак РИИБдин оперативдүү кызматкерлери, нөөмөттөгү тергөөчүгө, тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына чейин тартиптик жазаларды алышты жана Сузак РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басарынын жумуштан бошотулушуна таасирин тийгизди.

Ошол учурдагы алгачкы маалыматтардын негизинде багыттамалар берилип, кылмыш ишине шектүү катары Казакстандын аймагынан чек ара кызматы аркылуу киши колдуу болуп каза болгон кишинин аялы кылмышка шектүү катары кармалып, бирок тергөөнүн жүрүшүндө кошумча жагдайлар аныкталды. Башкача айтканда кылмышты жасаган башка, каза болгон эркек кишинин «көңүлдөшү» экени белгилүү болгон. 6-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы Базар-Коргон районунун 29 жаштагы тургуну экенин аныкташып, ал жасаган ишин толук мойнуна алып, сот жообуна тартылып, 15 жылга эркинен ажыратылды», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, буга чек ара кызматынын да маалыматы негиз болгон. Ошондуктан жактоочулар аскердик прокуратурага да кайрылышып, жалган билдирүү берген кызматкерлердин үстүнөн кылмыш иши козголуп, сотко өттү. Катачылык кетирген чек ара кызматкерлери кечирим сурашкан, бирок алардын иши сотто каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×