Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 07.12.2018 13:01

Айыл турмушу: Таластык Анархан апа 15 жылдан бери саймачылык менен алектенет (фото)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 64 жаштагы тургуну Куттуксейитова Анархан апа сайма сайып, чеберчилик менен алек болуп келет. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көк-Токой айылынын кызы. 1974-жылы Жекшенбек Куттуксейитовго турмушка чыгып, Ак-Жар айылына келин болуп келген. Жолдошу дыйканчылык менен алектенет.

«Өзүмдүн апамдын иштүүлүк жагы бар эле. Ал адам бир нерселерди тигип, жасап жатканда биз талашып кылчубуз. Бирок бизди «бузуп саласыңар» деп көп жолотчу эмес. Өзүмдүн шыгым бар болгондуктан акырындык менен үйрөнүп кеттим. Кийин келин болуп келгенде өзүмдүн балдарыма деп кийим-кече токуп, тигип берип жүрдүм. Кайын энемдин эски, жарабай калган кездемелерин ыргытпай, жууп-тазалап, сайма сайып кооздоп коёр элем. Апам таң калып, менин эмгегимди көрүп сүйүнүп калчу. Бара-бара кичинекей көлөмдөгү саймалары сайып жүрдүм. Ал убакта азыркыдай атайын сайма сайчу ийнелер жок. Жолдошум малга сайылуучу уколдун ийнесин атайын сайма саюуга ылайыктуу кылып жасап берген. Ал ийне менен көп жыл сайма сайдым. Азыркы учурда ийненин түрү чыгып калды.

Саймалардын чоң көлөмүн 1 жыл дегенде аяктайм. Кичине көлөмүн 2 жуманын ичинде даяр кылып бүтүрөм. Сайма саюу — хоббим. Көңүлүм келгенде кылам. Атайын отуруп иштебейм деле. Сайманы бардык кездемелерге сая бербейм. Тукаба жана кыжым кездемеге жакшы, бекем болуп сайылат. Көбүнчө жүз арчуунун үстүнөн иштейм. Ошол эле сүрөттү жаңыртып, кооздоп сайма сайып коём. Саймага сайылуучу жиптердин 100 гр 120 сомдон сатып алам. Жасаган эмгектеримди сатыкка чыгарбайм. Мен үчүн баасы жок. Атайын үйгө келип, кызыгып көрүп кеткендер көп болот. Өзүм үчүн үйгө деп жасагандыктан сатам деп деле баа чыгарбайм. Бирок үйгө келген адамдар дубалда илинип турган эмгектеримди көрүп суктанып кетишет. Балдарымдын ар бирине бирден жасап бердим. Майда жумуш болгондуктан кыз-келиндерим жардам берип кетишет. Мен саймасын даяр кылып бүтүрсөм, жолдошум рамкаларын өз колу менен жасап берет», - деди ал.

Чебер апа 5 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×