Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 07.12.2018 12:19

Жазык жоопкерчилигине байланыштуу Свердлов райондук сотундагы судьянын ыйгарым укуктары токтотулду

Turmush -  Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турдукожоев Дөөлөтбек Тентимишович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан четтетилди. Ал тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун басма сөз кызматы бүгүн, 7-декабрда билдирди.

Буга Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясынын сунушу негиз болгону айтылган. Бул комиссия Башкы прокуратурага Д.Турдукожоевди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×