Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.12.2018 11:44 Жаңыланды: 07.12.2018 18:55

Өкмөт манасчыларга көңүл бурбай жатат, - манасчы С.Турсунбаев (маек)

Turmush -  2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь — «Манас» эпосунун күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу Кара-Көл шаарында Манас күнү белгиленип, анда белгилүү манасчы Салимбай Турсунбаев иш-чаранын катышуучуларына «Манас» эпосунан үзүндү айтып берди. Аймактык кабарчы манасчы менен маек курду.

- Салимбай мырза, учурда эл арасында «Манасты» угуу маданияты канчалык калыптанган? Ага кызыккандар барбы же төкмөлүктү жогору баалагандар гана угабы?

- Учурда эл мурункудай үч күн, үч түн чыдап уга алышпайт. Жаштарыбыз интернет менен алек. Демек, мунун өзү бизде «Манасты» угуунун маданиятынын жана ага кызыгуунун жоктугунан кабар берет. «Манасты» укпагандан кийин, аны түшүнө алышпайт. Илгери эл «Манасты» эмне үчүн жакшы уккан? Себеби, азыркыдай компьютердин, интернеттин доору жок эле. Үналгы, санариптик сыналгы болгон эмес. Азыркыдай батыш маданиятына ыктоо да жок болгон. Ошондуктан эл «Манасты» баалап угушкан.

Мен жыл сайын 7 күн, 7 түн «Манас» айтуу иш-чарасына катышып, аксакал манасчылардын арасында 8 саат тынбай «Манас» айтып, рекорд койдум. Илгерки манасчылар 2-3 саат айтып, эс алып, анан кайра улантып, күн-түн айтышчу экен. Азыркы манасчылар дагы ошондой деңгээлде айта алат. Бирок аны саналуу гана адамдар укпаса, калгандары угушпайт. Анткени биринчиден аны окушкан эмес, экинчиден азыр жаштарыбыз батыштын маданиятына ыктап, ал тууралуу түшүнүгү жоктору да кездешет.

- Ушул көйгөйдөн улам «Манас» эпосун жайылтууну көздөгөн иш-чаралар уюштуруп жатса керек?

- Ооба, «Манас» эпосун жайылтуу максатында сынактар, иш-чаралар уюштурулуп жатканы жакшы көрүнүш. Бирок ага мамлекеттик деңгээлде жакшы көңүл бурулбай жатат. Мына биз 7 күн, 7 түн «Манас» айтууга барып жатабыз. Бул иш-чаралардын баары коомдук фонддор тарабынан уюштурулуп жатат. Мисалы, Тыныбек атанын урматына анын урпактары уюштурушту. Ушул сыяктуу эле элден чыккан азаматтар «Манас» эпосуна байланыштуу маданий иш-чараларды уюштурушат. Ал эми өкмөт тарабынан алтургай «Манас» эпосун жайылтып жүргөн манасчыларга наам да берилбей калды. Анын ордуна фонограмма менен бир-эки ырды эки жыл ырдап коюп, наам алган ырчылар болууда. Ал эми жандуу үн менен 5-6 саат «Манас» айткан манасчылар бааланбай калууда.

- Ал эми Кара-Көлдө Манас күнү кимдин демилгеси менен уюштурулуду?

- 2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы катары ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган. Ошол күнү Бишкекке чакыруу болуп, анда Жогорку Кеңеште конференция өттү. Бирок мен Кара-Көл шаарында Манас күнүн өткөрүп жаткандыктан барбай калдым. Ошол күнү борборлошкон шаардык китепканада эки саатка жакын жаш балдарды «Манас» эпосунан үзүндү айттырып, өзүм да айтып бердим. Ага кызыккан мугалимдер, жаш балдар, анча-мынча ата-энелер келди. Бирок ошол күнү угуу маданияты төмөн экенине дагы бир жолу күбө болдум.

«Манас» эпосунан үзүндү угуп, иш-чаранын башынан аягына чейин чыдап отура алышкан жок. Расмий түрдө ошол күнү шаардын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы, депутаттар да атайын чакырылышкан. Алар келип, расмий бөлүккө катышып, маданий иш-чараны ачып берип коюшкан жок. Бул иш-чараны Энергетик маданият үйүнүн режиссер коюучусу Бектемир Жакынбаев менен шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Медетбек Кошалиевдер уюштурушту. Аларга жана борборлошкон китепкананын жетекчиси Жумагүл Муратова баштаган жааматка ыраазычылык билдирем.

Мен аларга тамашалап:
«Көңүлдө жаман ойлор жок,
Өмүрүм канча болжол жок.
Карапайым эл келди «Манаска»,
Кашайып дагы эле чоңдор жок», десем баары күлүштү.

4-декабрда парламенттин депутаты К.Иманалиевдин сүйлөгөн сөзүн интернеттен көрүп, ыраазы болдум. «Манас» тууралуу илимпоздор айталбаган сөздөрдү айтып кетти.

«Манас дүйнөсүнө баш багып, «Манас» айтам деп, эр жүрөктүүлүк кылган ар бир адамды, ал кандай деңгээлде айткан күндө дагы биз залкар деп эсептешибиз керек» деди. Чынында өнөрү бар адам гана «Манас» айта алат.

- Сиз айтып жаткан 7 күн, 7 түн «Манас» айтуу иш-чарасына кимдер катыша алат?

- Бул иш-чарага манасчылардын арасынан иргелип, тандалгандар гана катыша алышат. Алардын баары аян алып, Алла Тааладан ишарат болуп, нагыз манасчы болом деп далалат кылып жүргөндөр. Ал эми 10 же 20 мүнөт жаттап алып айткандар ал жакка катыша албайт. Мунун деле зыяны жок. Бирок мында чыныгы манасчылар иргелет экен.

- Манас күнүнө карата өткөн иш-чарада «Манас» эпосунун кайсыл эпизоддоруна токтолдуңуз?

- Эгер мэр, төрага, депутаттар, жетекчилер келсе «Манас» эпосунун эң башкы түп аталарын айтып келип, Кытайдын Ханы Алоокенин Кыргыздарды чаап алганын, кыргыздар Алтайга чейин сүрүлүп барып, Манас баатыр ошол жерде төрөлүп, кандай жол менен элдин башын кошуп, Ала-Тоого алып келгенин айтып берсемби деп ойлогон элем. Тилекке каршы, андай терең мазмунду уга турган угармандар болгон жок.

Аудиториянын жаш өзгөчөлүгүнө карата, түшүнүүгө жеңил болсун деп, эң кызыктуу тема катары Каныкейдин Тайторуну чапкан эпизодунан үзүндү айтып бердим. Жарышта үч жүз аттын ичинен Тайтору биринчи чыгып келгенге чейин сүрөттөп отурсаң жаш балдар кызыгып угабы деген ниетте айттып бердим. Ал эми өтө терең мазмундуу, оор эпизодду угууга жаш өзгөчөлүктөрү туура келбей калат эле.

- Сиз «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү жаттап айткан учурларыңыз болду беле?

- Ар бир манасчынын өзүнүн жакшы айткан эпизоду, темасы болот. Анан калган эпизоддорду өзүңдүн талантыңдын күчү менен куюлуштуруп, уйкаштырып, сүрөттөп, жамактап төгүп айтасың. Жаттап алган темалар дагы болот. Алар даяр темалар. Аны кайсыл убакта болсо да айта бересиң. Ал эми сынакка барганда өмүрү айтып көрбөгөн темалар түшүп калганда талантыңдын дараметине таянып айтууга туура келет. Көптөгөн сынактарга катыштым. Бир да жолу байгесиз калган эмесмин. Жок дегенде 3-орунга ээ болуп келем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×