Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 07.12.2018 10:36 На русском

Фото — Бишкекте дарыкананы тоногон 2 жигит кармалды. Бирөөсү 16 жаштагы өспүрүм болгон

Turmush -  Бишкекте дарыкананы тоноого шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-ноябрда болгон. Белгисиз 3 адам дарыканага кирип келип, андагыларды тапанча менен коркутуп, 22 миң сомду тоноп кетишкен. Аталган факты боюнча Ленин РИИБ тарабынан каракчылык беренеси менен кылмыш иш козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1997-жылы туулган И.А. менен 2002-жылы туулган М.у.Б. кармалды. Алар жашаган батирден газотравматикалык тапанча, бет кап, 25 гр салмактагы баңгизат табылган. 21 жаштагы И.А. 2 айга СИЗОго камалып, 16 жаштагы М.у.Б. №14 тарбиялоо-эмгектик абагына камалды. Учурда милиция алардын үчүнчү шеригин табуу аракеттерин көрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×