Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баракелде, Бишкек 07.12.2018 09:47

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө жылуулук өчүрүлдү

Turmush -  «Бишкек жылуулук» ишканасы бүгүн, 7-декабрда Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү турак жайларга жылуулук берилбей турганын эскертти. Саат 09:30дан тарта 17:00гө чейин «Түндүк электр» ААКтын жабдыктарын оңдоо иштерине байланыштуу «Аэропорт» насостук станциясы өчүрүлөт.

Көрсөтүлгөн убакытта жылуулук Ч.Айтматов, Бакаев, Ажыбек баатыр жана Табалдиев көчөлөрү менен чектелген аймактарда жок болот. Ал эми ысык суу өчүрүлбөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×