Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.12.2018 08:38 На русском

Аксыда 4,5 млн сомго ветеринардык жана фитосанитардык бөлүмдүн имараты курулду (фото)

Turmush -  Аксы райондук ветеринардык жана фитосанитардык бөлүмүнүн жаңы имараты курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн жетекчиси Кубаныч Карабаев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы имараттын эскилиги жеткенден кийин, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган.

«Өткөн жылы имараттын курулуш ишине мамлекет тарабынан 2 млн 300 миң сом каралган. Быйыл 2 млн 200 миң сом бөлүнүп, курулуш толугу менен бүткөрүлдү. Эски имарат союз мезгилинде курулган эле», - деди ал.

Райондук ветеринардык жана фитосанитардык бөлүмдө 11 кызматкер эмгектенет. Алар Аксынын 12 айыл өкмөтүнө жана ага жакын жайгашкан Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарчаларына дагы кызмат көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×