Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 06.12.2018 16:46

Ноокендин 51 жаштагы тургунун өз үйүндө өлтүрүп кетишти

Turmush -  Ноокен районунда 51 жаштагы адамдын жансыз денеси өз үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, Ноокен районуна караштуу Масы айылынын 1967-жылы туулган Р. И. аттуу тургуну өз үйүндө киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Анын каза болгону 6-декабрда күндүз белгилүү болуп, милицияга кабарланган. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы да бул окуяны тастыктады.

«Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барып, кароо жүргүздү. Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда РИИБдин кызматкерлери кылмышкерди аныктоо иштерин жүргүзүп жатат», - деп маалымдашты ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×