Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 06.12.2018 09:37

К.Батыровдун сөөгүн алып келүүнү көпчүлүк каалабайт, - өзбек диаспорасынын төрагасы С.Мадаминов

Turmush -  Маркум Кадыржан Батыровдун сөөгүн алып келүүнү көпчүлүк каалай бербейт. Мындай пикирди Жалал-Абаддагы өзбек диаспорасынын төрагасы Салижан Мадаминов билдирди.

Анын айтымында, К.Батыровдун сөөгүн алып келүү үчүн алгач бийликтин уруксаты керек.

«Менин оюмча анын сөөгүн алып келебиз деген учурда да бийлик оңой менен уруксат бербейт. Өз жерине алып келүү бир топ капачылыгы бар адамдардын нааразычылыгын күчтөндүрүшү мүмкүн. Бирок мага сөөгүн алып келбөө боюнча айыл аксакалдардан же жергиликтүүлөрдөн эч ким пикир айтылган жок. Анын туугандары сөөктү алып келүү боюнча ойлору бар экенин ачыкташкан жок», - деп билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда К.Батыровдун Жалал-Абадда бир тууган эжеси жашайт. Ал инисинин сөөгүн алып келүү ниети бар экенин айткан. Бирок жергиликтүүлөр өз ара сүйлөшүү менен сөөгүн өлкөгө алып келбей эле коюу сунушун колдошкон. Жакын туугандары да көпчүлүктүн пикирин колдошкону айтылууда.

Буга чейин Кадыржан Батыровдун кичи мекенинде куран окутулуп жаткандыгы маалымдалган.

Аймактык кабарчы жеринен маалымдагандай, Кадыржан Батыров менен Санжар Бакиевдин талашына түшкөн жана мамлекетке өтпөй калган делген Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы үйдүн короосу ачылып, айылдаштары жана туугандары маркумга куран окутуу үчүн келип жатышат. Ал эми маркум К.Батыровдун туугандары бул үйдүн короосун жыйноо үчүн келишкенин жана сөөктү алып келүү боюнча эч кандай маалыматтары жоктугун, тууган-уруктары чогулуп куран окуп жатышканын айтышты.

К.Батыровдун мүлктөрүн мамлекетке өткөрүүдө шалаакылык мамиле жасаган деп айыпталып жаткан Сузак районунун акими А.Маматов менен эки райондун сот аткаруучуларын КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси («Шалаакылык») менен облустук сот күнөөлүү деп тапкан. Бирок 67-берененин («Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши») 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жазадан бошотулганы маалымдалган болчу.

Буга чейин Кыргызстандын парламентинин мурунку депутаты Кадыржан Батыров 4-декабрга караган түнү Украинанын Одесса облусунда 62 жашында каза болгону маалымдалган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, ал намаз окугандан кийин уктап, бирок кайра ойгонгон эмес. Анын өлүмү тууралуу Кыргызстандагы туугандарына кабар берилди.

Батыров Кадыржан Алимжанович 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Ал ишкер, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Кыргызстандагы өзбек коомунун экс-лидери болгон.

К.Батыровго өлкөнүн түштүгүндө массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Ал эми 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2011-жылы соттун чечими менен мүлкү конфискацияланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×