Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 05.12.2018 10:24

«Кыргызнефтегазда» кайрадан уурулук: Кызматкерлер бир күндө 130 миң сомдук мунайды аз жазган деп айыпталып жатат

Turmush -  Кочкор-Атадагы «Кыргызнефтегаз» ААКтын Базар-Коргон районунун Кайырма аймагындагы нефть жөнөтүүчү участкасында жасалып жаткан кыңыр иш ачыкка чыкты. Андагы 4 кызматкер нефтинин өлчөмүн журналга аз көрсөтүп коюшкандыгы аныкталып, тиешелүү берене менен жумуштан алынды.

Андагы кызматкерлер журналга аз көрсөткөн нефтинин бир күнкү эле жоготуусу болжол менен 130 миң сомго жетип жатат. Бул тууралуу аталган акционердик коомдон билдиришти.

Мекеменин юристи Эдилбек Чакановдун айтымында, акционердик коомдун нефти жана газ өндүрүүчү башкармалыгынын башчысы Нурлан Абылов Кочкор-Атадан жөнөтүлгөн нефти Жалал-Абадга толук жетпей жатканын айткан. Буга байланыштуу атайын комиссия түзүү үчүн буйрук чыгарылып, ал курам нефть жөнөтүүчү участкаларга текшерүүгө чыгышкан болчу.

«Негизинен Кочкор-Атадан чыгарылган нефтини Жалал-Абаддагы пунктка жеткирүү үчүн Ноокендин Комментерин аймагында, Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ай, Кайырма жана Топурак-Белде участкаларыбыз бар. Ошол 4 участка аркылуу нефть жетип турат. Акыркы айда нефть аз көлөмдө болуп, кайрадан текшерүүнү туура көрүшкөн.

2018-жылдын 30-октябрында комиссиянын курамына кирген эки кызматкер Кайырмадагы участкага барышкан. Андагы нефтини өлчөшкөндө 73 сантиметр болуп чыккан. Ал эми андагы кызматкерлер 73 сантиметрди түзгөн нефтини 30 сантиметр деп каттоо журналына жазышкан жана тийиштүү тараптарга ошондой маалымат беришкен. Кызматтык милдеттерин жетишээрлик деңгээлде жүргүзүшкөн эмес. Жыйынтыгында алар КРнын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 3-бөлүмү менен жумуштан бошотулду.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, буга чейин нефть уурдап жүргөндөр боюнча да Жалал-Абад ОИИБ тергөө ишин жүргүзүп жаткандыктан, ушул окуя боюнча маалымат бердик», - деди мекеменин юристи.

Андагы мекемеден маалым болгондой, жазылбай калган нефтинин көлөмү 6,5 кубду түзөт. Ал эми участкадагы кызматкерлер бул жүйөөгө ишенбей, тергөө иштерин акыйкат жүргүзүүнү суранышкан.

Мындан мурда Жалал-Абад шаарына түтүк аркылуу келген мунайды уурдап жүргөн жарандарды издөө иштери жүргөн эле. Буга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКтын коопсуздук кызматынын жетекчиси Радиш Сулайманов Кочкор-Атадан Жалал-Абадга түтүк аркылуу келген мунайды уурдап жүргөндөрдүн унаасы кармалганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×