Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.12.2018 22:42

Кара-Көлдө балдар чыгармачыл үйүнүн тарбиялануучулары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн тарбиялануучулары жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Г.Бердимуратова билдирди.

Маалым болгондой, жөө жүрүш Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө, СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Жөө жүрүштү жол кыймылынын коопсуздугун тейлөөчүлөр коштоду.

Иш-чара жаш муунга адам укуктарын коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу кенен түшүнүк берүү максатында балдар чыгармачыл үйүнүн жамааты тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×