Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 04.12.2018 16:47

Терек-Сайдагы чыр боюнча дагы 2 адам кармалды. Жергиликтүү депутаттын версиясы

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүндө 14 адамдын камалышы жергиликтүү тургундардын нааразычылык митингге чыгышына себеп болду. 3-декабрда тургундар жол тосууга аракет кылып, бирок сүйлөшүүнүн негизинде жол тосулган жок.

ИИМдин басма сөз кызматы 14 адам милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөткөнү үчүн камалганын маалымдады. Бирок жергиликтүүлөр чырдын келип чыгышына милиционерлер күнөөлүү экенин айтып жатышат.

Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Марат Кайыпов милиция кызматкерлери мал издеп жүргөн жаранды ургандан кийин чыр чыкканын айтууда.

«Терек-Сай айылынын тургуну мал издеп барып, милиция кызматкерлеринен таяк жеген. Ага болушканы чыккан айылдаштары милиция менен урушуп, ортодо чыр чыккан. Милиция кызматкерлеринен токмок жеген жаран ооруканага кайрылган эмес. Учурда окуя бир тараптуу каралып жатат. Себеби, чырды ким чыгарды деген суроо коюлушу керек болчу. Мындай чыр 3 жылдан бери тутанып келүүдө. Бийлик тараптан эч кандай чечкиндүү кадамдар болбой жатат. Эл цианид колдонуп иштеген фабрика курулбасын деген талап коюуда. Инвестордун келишине эл каршы эмес», - деди жергиликтүү депутат.

Чыр чыкты деген аймакта милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун колун кайрып, вагондун ичине алып кирип кеткени видеого түшүп калган. Жергиликтүү тургундар милиция вагондун ичинде жөнөкөй жаранды ургандан улам окуя курчуп кеткенин айтып жатышат.

Кызыл-Токой айылынын тургуну Бекжан Станбековдун айтымында, милиционерлерди дагы суракка алуу керек.

«Негизинен бул чырды болтурбай койсо деле болмок. Себеби милиция жылкы издеген баланы урбашы керек болчу. Видеодо көрүнүп тургандай эле вагондун ичине сүйрөп кирип урушкан. Аны көрүп калган ошол жердеги эже айылга телефон чалып, тургундарды чакырган. Алар кызуу кандуулукка алдырып, балдарды уруп жиберишкен. Эгер окуяны ачык иликтесе эки тарап тең күнөөлүү болуп чыгат. Урушту милиция өзү ырбатканы айдан ачык көрүнүп турат. Милиция кызматкерлери дагы суракка алынышы керек», - дейт Б.Станбеков.

Кийинчерээк бул окуя боюнча Терек-Сай айылында дагы эки адамды милиция алып кеткендиги маалым болду.

Жергиликтүү тургундун айтымында, анын Юлдаш Даминов аттуу жолдошун түнү бирөөлөр чакырып, ал чыгып кеткен. Ошол бойдон үйүнө кирген эмес.

«Түнү үйдөн чыккан бойдон кирген жок. Көрсө милиция Жалал-Абадга күбө катары суракка алуу үчүн алып кетиптир. Ал милиция кызматкерлери менен пикир келишпестик болгон окуяга катышкан эмес. Ал Терек-Сайдагы окуялар боюнча пикирин ачык айткан активдүү жарандардын бири», - деди ал.

Жергиликтүүлөр билдиришкендей, бүгүн Ак-Терек участкасына чогулган адамдар тарай элек жана алар милиция кармап кеткен 14 тургунду бошотууну талап кылышууда. Ал эми Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Аширбаев эки тараптын чыры боюнча тергөө жүрүп жатканын, азырынча эч кандай маалымат бере албастыгын айтты.

Жергиликтүү тургундар менен жолуккан өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабековдун айтымында, азыр аймакта абал туруктуу.

«Тургундардын пикирин угуп жатабыз. Кээ бири «Эти Бакыр» ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылса, айрымдар анын иштөөсүнө каршы эместигин айтууда. Азыр ишкананын өкүлдөрү жана тургундар өзү тандаган 10 адам болуп сүйлөшүү жүргүзөбүз», - деди Ы.Ызабеков.

Буга чейин 3-декабрда Терек-Сайда 100дөн ашык адам митингге чыкканы маалымдалган.

Жергиликтүү тургундардын ырастоолорунда, буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошов, бийлик өкүлдөрү жашоочулар менен жолугушканда жергиликтүү тургундар менен милиция өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик элдешүү жолу менен бүтөөрүн айтышкан.

«Элге берген убадаларына турушкан жок. Бир ай мурда болгон окуяны кайрадан козгошуп, биздин балдарды камап коюшту. Кармалгандар чыгарылсын. Жылкысына бараткан баланы киргизбей, уруп коюшкандыктан жергиликтүү эл "эртең мал-жандыгыбыз талаага өтүп кетсе, биз дагы өтө албай калабыз" деген ойдо атайын постко чогулуп барышкан», - дешкен тургундар.

Окуя тууралуу:

Терек-Сай айылында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ур-токмокко алган деген 14 адамды милиция кармап кеткени белгилүү болгон. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 2-декабрда милициянын кызматкерлери 3 автоунаа менен келишип, 14 жаранды кармап кетишкен.

Буга чейин маалымдалгандай, Терек-Сай айылында сурьма чыгарылган аймакта 5-ноябрда чыр чыккан. Жаңжалдын кесепетинен тез чара көрүү отрядынын кызматкерлери жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул аймакта сурьманы өз алдынча казууга тыюу салуу максатында пост уюштурулган болчу. Жергиликтүү тургундун ую ал тарапка өтүп кеткенде, постто турган күзөтчүлөрдөн уйду айдап чыгуу үчүн уруксат сураган. Бирок күзөтчүлөр ал адамды өткөрбөй койгондо эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Айыл тургуну бир аз убакыттан кийин жергиликтүү жаштарды кен чыккан аймакка ээрчитип барган, чыр-чатактын кесепетинен ыкчам чара көрүү отрядынын аскерлери жабыркаган. Отряддын аскерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар ооруканадан чыгарылган. Бул окуя боюнча ээнбаштык жана бийлик өкүлүнө кол салуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×