Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.12.2018 15:02

Базар-Коргондо тез жардам бөлүмүнүн жаңы имараты ишке берилди (фото)

Turmush -  Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын кечиктирилгис медициналык тез жардам бөлүмүнүн жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, тез жардам бөлүмүндө 13 кызматкер иштейт. Анда 1 тез жардам унаасы бар.

Мындан 50 жыл мурун курулган райондук тез жардам бөлүмүнүн имараты авариялык абалда болгондуктан дарыгерлер жардам сурап, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабировго кайрылышкан. Мындан улам имарат эл аралык кайрымдуулук фонддун жардамы менен курулуп, ишке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×