Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 04.12.2018 11:25

Бишкек–Ош жолундагы кар күрткүлөрдү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат

Turmush -  Бишкек–Ош унаа жолунун 132-137-198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо үчүн кар күрткүлөрүн артиллериялык курал менен атып түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аткылоо иштери 5-декабрга чейин жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында жолдо жүргөн адамдардын өмүрүнө жаралган коркунуч жоюлат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×