Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.12.2018 13:33 Жаңыланды: 04.12.2018 18:25

«Жолдошум майып экениме карабай баш кошту»: Колунан ажыраган Жазгүл 5 баланын апасы болду (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда жашаган 35 жаштагы Жазгүл Жээнбаева 2-топтогу майып жаран катары каттоого алынган. Ал 5 жашында жыгылып, алган жаракатынан улам дарыгерлер бир колун кескенге мажбур болушканын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Ал жашоосундагы кыйынчылыктарга карабастан 5 баланын энеси болуп, үй жумуштарын да өз алдынча жасайт.

«Жашоодо ар кандай кыйынчылыктар болот, болбойт дей албайм. Мен эң кыйын учур деп биринчи төрөтүмдү эстейм. Жашоо ушунчалык татаал сезилип кетчү эле. Баланы эптей албай, жалаяктарын алмаштырганда кыйналгам. Апам жардамдашып, балдарымды чоңойтушту. Андан кийинки төрөттөрдө кыйналбай, тажрыйбалуу болуп калдым. Өзүм кийинтип, кийимдерин жууп, бешикке бөлөдүм. Болгону тамак бышырарда картошка, пияз аарчып, туураганда кыйналам. Ошондой эле кир жууган кыйыныраак. Азырынча бизде автомат кир жуучу машина алганга каражат тартыш.

Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан, ижарага алган үйлөрдө жашап келебиз. Ал жерде шарт жок, бирок күйөөм колунан келгенче шарт түзүп берет. Жолдошум устачылык кылып, анын тапкан акчасы балдардын тамак-ашы, батирдин ижара акысынан ашпайт. Айына батирге 5 миң сомдон ижара акы төлөйбүз. Андан башка чыгымдар да бар. Күйөөм да батыраак үй курсам дейт, бирок бирине жеткирсе экинчисине жеткире албай жатат. Ал абдан намыскөй адам. Бирөөдөн жардам сурабай, өзүнүн күчү, мээнети менен өзүм жасап берем дейт. Учурда Россияга иштегени кеткен. Мен да иштейин десем жумушка алышпайт экен. Жолдошум бизди эч нерседен кем кылбайт, бир гана үй маселеси ойлондурат», - деди Жазгүл Жээнбаева.

Ал жашоосунда жолдошун жолуктурган тагдырына ыраазы.

«Учурда 3 уул, 2 кызыбыз бар. Жолдошум экөөбүз турмуш курганыбызга 16 жыл болду. Күйөөм колума кол, бутума бут болуп, бош убактысында жардамдашып турат. Мен жашоомдо ушундай адамды жолуктурганыма ыраазымын. “Жазгүлдү Азат акыры чыдабай таштап кетет, төрөбөй эле койсо болмок” деп элдер айтышчу. Бирок балдарын багып, жакшына жашап жатабыз», - деп кошумчалады.

Жазгүл айым жолдошу менен мектепте окуп жүргөндө таанышкан. Алар 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш кошушту.

«Мен мектепте жакшы бааларга окуп, химия, биология, кыргыз тили жана адабияты сабактарынан олимпиадаларга катышып жүргөм. Азат менен ал окуган мектепке олимпиадага барганда таанышкан элем. Кийин ал мага кат жазып жүргөн. Биринчи таанышканда ал менин колум жок экенин байкабаптыр. Кыш болчу, курткамдын ичинен билинген эмес окшойт. Кээде бир колумду да жеңимдин ичине билинбесин деп салып алчумун.

Кийин классташ балдарым менин абалым тууралуу айткан экен, бирок ал ошондо да оюнан кайткан эмес. Экөөбүз 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Мага Азат майып экенимди азыркыга чейин байкабагандай сезилет», - деди Жазгүл Жээнбаева.

Ал өзүнүн күчү менен жогорку окуу жайга кабыл алынып, бирок 2-курс болгондо атасы келишим акчасын төлөй албаганына байланыштуу билим алууну уланткан эмес.

«2001-жылы 11-классты бүтүп, ошол эле жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин финансы-кредит бөлүмүнө өттүм. Ал жакка да өзүмдүн күчүм менен тесттен 150 балл алып өтүп кеттим. Сессияларды да өзүмдүн билимим менен тапшырып, жакшы окудум. Кол жазмам аябай жакшы болгондуктан көп мугалимдер иш кагаздарын мага жаздырчу. Бирок 2-курс болгонумда атам окуумдун келишимдик баасын төлөй албай калды. Ошол убакта акы 4 миң 300 сом болчу.

Өзүм жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгом. Ата-энем карапайым адамдар. Аларды да кыйнабайын деп өзүм арызымды жазып, окуудан чыгып кеткем», - деди Жазгүл.

Ал жаңы келин болуп барганда кайын журту кемсинткен учурлар болгон. Бирок убагында ал сөздөргө таарынып капа болсо, азыр кайненесин туура түшүнүп калганын айтат.

«Жолдошум экөөбүз 2002-жылы баш кошконбуз. Алгач мени ата-энеси менен тааныштырганы алып барганда апасы жинденген эле. Мен сыртта турсам, үйдүн ичинде жолдошумду катуу урушушкан. “Азыр сен жаштык кылып жатасың, келечекте кыйын болот. Эртең балалуу болсоңор кантесиңер?" деп айткан эле. Бирок жолдошум эч кимдин сөзүн, ушак кептерди уккан жок. “Мен Жазгүлдү сүйөм, мен ага баары бир үйлөнөм, бул менин тандоом, жашай турган мен” деп, сөзүндө туруп алган.

Келин болуп барганда кемсинтип жатканда жүрөгүм ооруп капа болсом, азыр кечирдим. Кыйналып өстүргөн баласы майып кызга үйлөнүп алса жинденсе керек. Жолдошум жаш кезинде атасы каза болуп, апасы эки уулун жалгыз чоңойткон экен. Энелердин эч кимисин жаман деп айткым келбейт. Ал да өз баласына убагында жакшылык каалап айткандыр», - деди Жазгүл Жээнбаева.

Анын маанайын балдары ар дайым көтөрүп турушат.

«Балдарыбыз "чоңойсок атам менен апама үй куруп беребиз, өзүбүздүн үйүбүз болот" деп турушат. Өзүм Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айыл өкмөтүндө жашайм. Жакында жаңы айыл өкмөт башчы, анын орун басары келип, ушул айылдан 7 сотых жер беришти. Ал эми жеке ишкер Шердаалы Молдобаев шагыл, цемент алып берди. Усталарды иштетип, 4 бөлмөлүү үйдүн пайдубалы туруп калды. Жардам берген адамдарга, кайрымдуу кыргыз элиме рахмат», - деди Ж.Жээнбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×