Кара-Көлдө аз камсыз, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берилди (фото)
Turmush - Бүгүн, 3-декабрда Кара-Көл шаарында аз камсыз жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөн иш-чарага вице-мэр Г.Сатарова, Улуттук Кызыл Ай коомунун, шаардык социалдык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
15-ноябрдан 15-декабрга чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун жана мээримдүүлүктүн «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциясы жарыяланган. Анын алкагында Бектурсун Калилов аттуу жергиликтүү тургунга майып араба тапшырылды. Мындан тышкары аз камсыз 11 жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 20 тургунга акчалай жардам, кийим-кече берилди.
Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Соолубасын үмүттөр-2018» сынагынын шаардык туру өткөрүлүп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышты.