Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 03.12.2018 11:06 На русском

Чаткалда милиция кызматкерлери жаракат алган жаңжалдан кийин 15 адам кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ур-токмокко алган деген 15 адамды милиция кармап кетти.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 2-декабрда милициянын кызматкерлери 3 автоунаа менен келишип, 15 жаранды кармап кетишкен.

Буга чейин маалымдалгандай, Терек-Сай айылында сурьма чыгарылган аймакта 5-ноябрда чыр чыккан. Жаңжалдын кесепетинен тез чара көрүү отрядынын кызматкерлери жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул аймакта сурьманы өз алдынча казууга тыюу салуу максатында пост уюштурулган болчу. Жергиликтүү тургундун ую ал тарапка өтүп кеткенде, постто турган күзөтчүлөрдөн уйду айдап чыгуу үчүн уруксат сураган. Бирок күзөтчүлөр ал адамды өткөрбөй койгондо эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Айыл тургуну бир аз убакыттан кийин жергиликтүү жаштарды кен чыккан аймакка ээрчитип барган, чыр-чатактын кесепетинен ыкчам чара көрүү отрядынын аскерлери жабыркаган. Отряддын аскерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар ооруканадан чыгарылган.

Бул окуя боюнча ээнбаштык жана бийлик өкүлүнө кол салуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×