Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.11.2018 18:54

Мектепке илинген делген «Кызга 40 үйдөн тыюу» жазуусу боюнча билим берүү бөлүмү түшүндүрмө берди

Turmush -  Жалал-Абад шаарында №3 Жусупбек Бакиев атындагы мектепте илинип турат делген «Кызга 40 үйдөн тыюу» деп аталган жазуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Аймактык кабарчы бул маселе боюнча Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаевге кайрылганда, ал кыздарды тарбияга чакырган жазуу мектепке илинбегендигин, коомчулукта туура эмес маалымат тарап жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, мындай баракча №3 Жусупбек Бакиев атындагы мектептин социалдык педагогунун папкасында болгон, бирок ал дубалга илинген эмес.

«Биз да дубалга эмнелер илиниши керек экендигин жакшы билебиз. «Кызга 40 үйдөн тыюу» дегенди динге байланышкан сөздөр деп жатышат. Анын айрым жакшы сөздөрүн пайдаланышы мүмкүн. Мугалимдер ойчулдардын жакшы сөздөрүн да дайым жазып алышат. Мен да мугалимди чакырдым, «Кызга 40 үйдөн тыюу» кагазында тарбиялык мааниси бар сөздөр бар экен. «Көп жатпайт» деп кыздарга карата айтылган сөз. Жакшы кыз жакадагы кундуз дегендей эле кеп да. «Денесин ачып жүрбөйт» деген жазуунун эмнеси жаман?

Андан сырткары, «эң жакшы иштер: ыймандуу болуу, ата-энеге кызмат кылуу, бир туугандарына боорукер болуу, мекенди сүйүү. Эң жаман иштер: ыймансыз болуу, ата-энеге моюн сунбоо, ата-энени ызаа кылуу, уурулук жасоо» деген сөздөр бар экен. Эми мындан кынтык издеген туура эмес. Мектептен, бала бакчалардан башка иш калбай калган окшойт. Мени ушул нерсе капа кылууда», - деп билдирди Р.Калчаев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абаддагы өкүлү Нурбек Кайсарбаевдин айтымында, «Кызга 40 үйдөн тыюу» баракчасы соцтармакка тараган соң, алар аталган мектепке барышкан.

«Мектепке барганыбызда чынында дубалда илинбегенин байкадык. Мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары менен да сүйлөштүк. Көрсө «Кызга 40 үйдөн тыюу» баракчасы 2013-жылы шаарда өткөн семинарда таратылган экен. Мугалим ал баракчаны тарбиялык иштер боюнча папкасына алып жүрүптүр. Быйылкы жылдын 28-ноябрында папкасынан кагаздарын алганда, 5 жылдан бери алып жүргөн баракчасы чыгып калган экен. Ошондо мугалимдердин бири сүрөткө тартып алган олкшойт. Бул боюнча сабак өтпөгөнүн айтууда. Бул боюнча шаардык билим берүү бөлүмү текшерип жатат», - деди ал.

Ошондой эле, Н.Кайсарбаев «Кызга 40 үйдөн тыюу» баракчасында диний көз караш камтылганбы деген суроого жооп берип жатып: «Ооба, жалпысынан алганда диний көз караш бар. «Уяттуу жерин жаап жүрүүсү керек» деген сыяктуу сөздөр диний өңүткө бурулуп кетүүдө. Бул баракча балдарга сабак катары өтүлбөшү керек. Мугалимдер да сабакта өтүлбөгөнүн айтышууда», - деди.

А 31

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×