Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.11.2018 21:22

Кара-Көлдө №718 аскер бөлүктүн кызматкерлери сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрда Кара-Көл шаарындагы «Энергетик» маданият үйүндө өткөн иш-чарада №718 аскер бөлүктүн кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аскер бөлүк 2018-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, анда жыл ичинде аткарылган иштер жана жетишкен ийгиликтер айтылды.

Салтанаттуу иш-чарага Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Өскөн Калыбай уулу, УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы К.Казакбаев, Камбар-Ата ГЭСинин диреторунун орун басары А.Болгубаев, Кара-Көл шаардык кеңешинин өкүлү жана шаардык аскер комиссариатынын жетекчилери катышып, №718 аскер бөлүгүнүн кызматкерлерине баалуу белектерди, акчалай сыйлыктарды жана ардак грамоталарды тапшырышты.

Аскер бөлүктүн командири, полковник Адилет Турсуновдун айтымында, №718 аскер бөлүк Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын кошуундарынын арасында кол башчынын «Өтмө желекчеси» жана 1-даражадагы дипломун, «Жоокерлер энелери» республикалык комитети тарабынан жүргүзүлгөн «Мыкты аскер бөлүк энелердин көзү менен» сынагында 1-орунду алган.

Иш-чаранын соңунда маданият үйүнүн кызматкерлери жана аскер бөлүктүн көркөм чыгармачылык тобу тарабынан дайындалган концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×