Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.11.2018 18:02

Жалал-Абадда үйү күйүп кеткен тургунга 445 миң сом жардам берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Айзада Ашырбаевага мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 445 миң 520 сом тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 15-сентябрында Айзада Ашырбаеванын турак үйү толугу менен күйүп кеткен. Ал үйүн камсыздандыруудан өткөргөндүктөн ушул күнгө чейин комиссиянын жана эксперттердин чечиминин негизинде зыян келтирилген чыгымдары эсептелип, акча каражаты бөлүнүп берилди.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрайымы Жумагүл Эгембердиева, Жалал-Абад облустук камсыздандыруу уюмунун директору Закиржан Анарбаев, Сузак районунун акиминин 1-орун басары Төрөгелди Түркбаевдер жабыр тарткан эки үй-бүлө менен жолугушуп, сертификат тапшырышкан.

Ж.Эгембердиева кайсыл учурда камсыздандыруу уюуму чыгымды аткара турганына токтолду.

«Турак үйү күйүп кеткен жарандарга камсыздандыруу уюмунан жардам көрсөтүп жатабыз. Мына жабыр тарткан эки үй-бүлөгө эксперттердин корутундусунун негизинде акчалай түрдө колдоо көрсөттүк. Жумушту баштаганыбызга эки жарым жыл болуп калды. 230 кишиге 20 миллион сомдон ашык акча төлөп берип жатабыз. Турак жайды камсыздандырууда эгерде адамдын өзүнүн күнөөсү жок болсо, табигый же жаратылыш кырсыгы болсо камсыздандыруу уюму чыгымды төлөп берет.

Кырсык болгон учурда 5 күн ичинде камсыздандыруу тарапка же айыл өкмөткө билдирүү керектигин эскертебиз. Кырсыктаган жер 5 күн ичинде каттоодон өтүшү зарыл. Андан кийин атайын комиссиянын, эксперттердин чечими менен корутундунун негизинде акча каражаты төлөнүп берилет», - деди Ж.Эгембердиева.

Маалым болгондой, республикада 90 миңден ашык адам камсыздандыруудан өткөн болсо, Жалал-Абад облусунда 11 миңден ашык турак үй камсыздалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×