Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.11.2018 17:07 Жаңыланды: 30.11.2018 20:46

Жалал-Абаддагы «Стартап» борбору мигранттарга бизнес жасоону үйрөтөт

Turmush -  2019-жылдын январь айынан тарта чет жакта жүргөн мигранттарга бизнес жасоого багыт берүү кадамы жанданат. Мындай пикирди Жалал-Абад шаарындагы «Стартап» окуу борборунун менеджери Разия Ормонова АКИпресс – Жалал-Абад маалымат борборундагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, «Стартап» борбору бизнеске кызыккан жарандарга буга чейин 3 жолу курстук окууларды өткөрүшкөн. Ошондой эле ишкердүүлүк мектебине келгендерге бизнес жасоо багытында жол-жоболорду көрсөтүп беришет.

«Биз 2019-жылдын январь айынан тарта ишкердүүлүк мектебинде кайрадан бизнеске кызыккандар үчүн бир айлык окууларды өткөрүп баштайбыз. Каалоочуларга биздин борбордун эшиги ачык. Окууларда бизнес жасоону үйрөтөбүз, эксперттердин жардамы менен бизнес пландарды жазышат. Инвестор десе эле чет жакты карап отура берген болбойт. Айылдаштар деле инвестор боло алышат. Биз көптөгөн идеясы бар адамдар менен иштедик. Карап көрсөк биздин казынага мигранттардын салымы чоң экен.

Чет жактан иштеп келген жарандарыбыз кайрадан сыртка чыкпай, жергебизде иш жасоону пландашат. Биз ошондой жарандарыбызга колдоо көрсөтөлү, жол көрсөтөлү деп жатабыз. Мигранттарда акча бар, аны иштетүүнүн жолун табышы керек. Дарамети жогору, кызыгуусу бар жарандарды бизнес жасоого үйрөтөбүз. Буга чейин бизден 200дөн ашык жарандар окуулардан өтүштү», - деди Р.Осмонова.

Ошондой эле ал «Стартап» борборуна келип окуп, бизнеске кызыккан жаштар Жалал-Абадда туристтик компания ачканын белгиледи. Анын айтымында, азыркы тапта алар чет жактан келген туристтерге экскурсияларды уюштуруп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×