Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.11.2018 16:08

Камактагы адамдарды эркиндикке даярдоочу КМШдагы эң алгачкы борбор Жалал-Абадда ачылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинде камактагы адамдарды эркиндикке даярдай турган борбор ачылды. Бул борбор КМШ өлкөлөрүндө эң алгачкы экени да айтылды.

Иш-чарага ЖАМКтын башчысы Таалайбек Жапаров, Эл аралык абак реформасынын башчысы Азамат Шамбилов жана абактын жамааты күбө болду. Бул борбордо камактан чыккан адамдар жашоодо өзүн таап кетүүсүнө көмөк көрсөтүү багытындагы аракеттер көрүлөт. Алардын бири — арт-терапия программасы жана ар кандай заманбап цехтер.

Бул борбордо жалпысынан ар кандай 6 кызмат көрсөтүлүп, камактагы адамдар эркиндикке чыгарына 6 ай калганда алар менен адистер иштешип башташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×