Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.11.2018 12:19

Жазы-Кечүүнүн өнөрпоздору бала бакчанын жоктугун комедия аркылуу көрсөтүштү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 29-ноябрда Энергетик маданият үйүндө ыр кесе маданий иш-чарасы улантылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы.

Буга чейин 14-ноябрда ыр кесе маданий иш-чарасын Камбар-Ата айылынын таланттары өткөрүшүп, кийинки кезекти Жазы-Кечүү айылдык башкармалыгына өткөрүп беришкен.

Иш-чарада алар «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, эстрадалык жанрдагы ырларды аткаруу, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштыруу, фольклор жанрында улуттук аспаптардын коштоосунда ырдоо, аймактык көйгөйлөрдү чагылдырган сатиралык интермедия коюу, дастан айтуу боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Маданий иш-чараны аталган айылдык башкармалыктын башчысы Күзөркан Таштанкулова ачып, ырдап берди. Андан кийин Жазы-Кечүү айылынын өнөрпоздорунан 80 жаштагы Ашырбеков Тургунбек А.Айталиевдин «Нарындан жазган салам кат» чыгармасын комуздун коштоосунда аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Көйгөйдү чагылдырган сатиралык интермедия катары Жазы-Кечүү айылында балдар бакчанын жоктугу, аталган айыл балдар бакчасына муктаждыгы көрсөтүлдү. Мындан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө кол өнөрчүлөрдүн, уз чеберлердин, усталардын эмгектери жана унутта калып бара жаткан тамак-аштардан көөлөнгөн талкан, олобо, беш салаа жөргөм, көжө, сүмөлөк сыяктуу тамактар көргөзмөгө коюлду.

Ыр кесе иш-чарасын Жазы-Кечүү айылынын өнөрпоздору жыйынтыктады. Эми 22-декабрь — Энергетиктердин күнүнө арналган иш-чаранын жыйынтыгы чыгып, ыр кесеге катышкан Камбар-Ата айылы менен Жазы-Кечүү айылынын өнөрпоздору сыйланып, чоң программадагы концерт өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×