Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.11.2018 10:44 На русском

«Пара алган орган болуп калдыңар»: Мамэкотехинспекциянын Кара-Көлдөгү бөлүмүнүн иши сынга алынды. Мекеменин жообу (фото)

Turmush -  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл шаардык аймактык башкармалыгынын башчысынын ишмердүүлүгүнө 27-ноябрда өткөн Кара-Көл шаардык кеңештин сессиясында сын-пикирлер айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сессияда өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат Амангелди Тайчабаров аталган башкармалыктын башчысы эки жолу отурумга келбей, жумушчуларын жөнөтүп койгонун айтып, нааразы болду.

«Жарандардын эмгектик укуктарын коргоо боюнча эмне жумуш аткарып жатасыңар? Мисалы, Токтогул ГЭСтер Каскады, Камбар-Ата дирекциясынын жумушчулары боюнча», - деди депутат.

Өз кезегинде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары М.Ербаев эгер эмгек укугу бузулгандыгы боюнча жарандардан же юридикалык жактардан кайрылуулар болсо иш алып бара турганын айтты.

«Өзүбүздүн жылдык пландын негизинде ар бир кварталда, тийиштүү ишканаларды сиз айткан маселе боюнча текшеребиз», - деп жооп берди ал.

Ал эми депутат А.Тайчабаров бул маселелер боюнча кайрылуулар келип түшкөнүн белгиледи.

«Токтогул ГЭСтер Каскадынын жумушчуларынан зыяндуулук боюнча төлөнүүчү коэффициентти азайтып коюшкан, канча жылдан бери түшүп турат. Анан ушундай кайрылууларды карабайсыздарбы? Андан башка дагы бизге Токтогул ГЭСтер Каскады жана Камбар-Ата ГЭС дирекциясынан кайрылуу келип жатат. Бишкектен келип, күз-кышка даярдыгыбызды текшергенде болбогон кемчиликтерди таап, акча каражатын талап кылып кетет экен. Ушуну качан токтотосуңар? Мыйзамсыз экзамен алат экенсиңдер. Муну Каскадда иштегендердин баары билет. Сиздер көзөмөлдөө орган эмес эле «пара алган» орган болуп калыпсыңар. Мындай көрүнүш жылда болот экен. Анан жумушчулар ачык айткандан коркот. Алар ачык кайрылышса жумушунан кол жууп калышы мүмкүн. Азырынча ооз эки кайрылышууда. Бул маселени көзөмөлдөө керек. Жетекчиңиз сессияга, отурумга дагы келбейт», - деди депутат Амангелди Тайчабаров.

Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев орун басар М.Ербаевге кайрылып, бул маселени жеке көзөмөлүнө алуусун жана коррупциялык жагдайлар бар болсо тиешелүү чара көрүүсүн өтүндү.

Кийинчерээк Мамэкотехинспекциясынан бул маселе боюнча жооп кайтарып, Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты А.Тайчабаровдун айткандары негизсиз каралоо экенин билдиришти.

«Камбар-Ата ГЭСи жана Токтогул ГЭСтер Каскадында күз-кыш айларына карата даярдыгына байланыштуу комиссия «Электр станициялар» ишканасынын буйругунун негизинде түзүлөт. Ошондой эле комиссиянын башчылыгына «Электр станициялар» ишканасынын кызматкерлери жетекчилик кылат. Мамэкотехинспекция өз кезегинде комиссиянын курамында гана болот.

Кошумчалай кетсек, Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты А.Тайчабаровдун Мамэкотехинспекциянын дарегине айткандары негизсиз жана эч кандай далилдер менен тастыкталган эместигин билдиребиз. Эгерде далилдүү фактылары болсо Мамэкотехинспекция тарабынан аталган кызматкерлердин кызмат ордунан бошотууга чейин чаралар көрүлөт. Ошондой эле укук коргоо органдарына бардык материалдар юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×